Кыргызстандык учкуч ооган талибдери тарабынан туткундалды

Afganistan-1

Кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков Ооганстандын чыгышында тик учагын аргасыз кондурууга мажбур болгондон кийин туткунга түшкөн. Аны менен бирге талибдер дагы тогуз кишини кармап турушат.

21-апрель күнү кечинде кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан МИ-8 тик учагы Ооганстандын чыгышындагы Логар аймагынын Азра уездинде айласыздан конууга мажбур болду, деп билдирүүдө Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Ооганстандын расмий адамдары менен Эл аралык коопсуздукка көмөк көрсөтүү күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн маалыматтары боюнча, учактын ичиндегилердин бардыгы тең аталган аймакты көзөмөлдөп турган талибдер тарабынан кармалышкан.

Орусиянын Ооганстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде кыргызстандыктан тышкары дагы тогуз киши болгон: экинчи учкуч — орус, ал эми жүргүнчүлөрдүн бири ооган, калгандарынын бардыгы Түркиянын жарандары болушкан.

Кыргызстандын ТИМи азырынча талибдердин эч кандай талап кое электиктерин билдирди.

Кыргызстандык башкарып бара жаткан тик учак оогандык «Хорасан Карго Эйрлайнс» деген жеке авиакомпаниясына таандык.

Авиакомпания билдиргендей, тик учак начар аба ырайынан улам аргасыз конууга мажбур болгон, деп жазылган Би-Би-Синин сайтында.

Аба кемеси Хост шаарынан Кабулга учуп бара жаткан.

Автор: Александра Ли