«Ата-Журт» партиясынын камакка алынган лидери Камчыбек Ташиевдин бир тууганы оппозициянын 24чү жана 25-апрель күндөргө пландаштырылып жаткан митингдерине 4-5 миңдей киши катышаарын билдирди. ШИИБ нааразычылык акциясына кийлигишпестигин, бирок ошол эле маалда шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылып бере тургандыктарын билдирүүдө.
«Ата-Журт» партиясынын тарапташтары Бишкектин борбордук аянтында миңдеген кишилердин катышуусунда эки күн митинг өткөрүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев билдирди.
Ал Kloop.kgге берген маегинде оппозициянын митингине Жалал-Абаддан, Оштон, Баткенден жана Таластан беш миңдей кишинин катышаары күтүлүп жаткандыгын билдирди.
«Азырынча Жалал-Абаддан эки миңдей киши чыкты, менин маалыматым боюнча, жалпы облустан беш миңдей киши келет [...] Дагы Оштон, Баткенден жана Таластан келишет. Нарындагыларды кое бербей жатышыптыр, телефон чалып өтүүнү каалагандарды токтотуп жаткандыктарын айтып атышат», — деди Шайырбек Ташиев.
Митингдин катышуучулары өткөн жылдын 3-октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингден кийин «күч колдонуп бийликти басып алгылары келген» деген айып менен кармалган «Ата-Журттун» үч лидери - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду бошотууну талап кылышат.
Оппозиционердин бир тууганы акция тынч өтөөрүн айтып, ишендирүүгө аракет кылууда: анын катышуучуларынын жанында таштар, таяктар жана курал-жарак болбойт.
Ал митинг өткөрүүнү жакында камактагы саясатчылардын ишин кайрадан карап баштай турган сотко басым жасоо деп эсептебейт.
«Бул жерде албетте сотко басым жасоо жок, ал эмес бийликке да кысым көрсөтүү жок. Эл жөн гана депутаттардын бошотулушун талап кылат», — деди ал.
Милиция коопсуздукту сактайт
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде митинг маалында аянттагы тартиптин сакталышына Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ички курамы көзөмөл жүргүзөөрүн билдирди.
Сейитов тартип бузгандар мыйзам боюнча жазалана тургандыктарын кошумчалады.
«Эгер кимдир бирөө мыйзам бузса биз уюштуруучулар менен мыйзам бузуучуларга мыйзам чегинде санкция колдонобуз», — дейт басма сөз катчы.
Үч «ата-журтчу» депутат Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдор өткөн жылдын 3-октябрында парламент имаратынын алдында өткөн митингден кийин кармалышкан — бийликтегилердин версиясы боюнча, «Кумтөр» алтын кенин улутташтырууну талап кылуу менен алар бийликти басып алуу аракеттерин көрүшкөн.
29-мартта Биринчи май райондук соту Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытовду бир жылга эрктеринен ажыраткан.
Алардын үчөө тең Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында жарым жыл камакта болгондугун эске алуу менен алардын ал жакта өткөргөн ар бир күнү эки күн деп эсептелет.
Ташиев менен Жапаров дагы жарым жылдан кийин, ал эми Мамытов өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылуу үчүн бериле турган он күндөн кийин эркиндикке чыгышы мүмкүн болчу.
Парламентарийлердин жактоочулары сот өкүмү менен макул болушпай, ал боюнча жогорку инстанциядагы сотко апелляциялык дат арыз менен кайрылышкан.Эми алардын ишин Бишкек шаардык соту карайт, бирок азырынча отурумдун кайсы күнү болоору так белгилене элек.
Автор: Александра Ли