Бишкек: Баңгизатын «тараткандыгы» үчүн УКМКнын кызматкери кармалды

narkotiki

УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын тергөөчүсү гашиш сактагандыгы үчүн Бишкек милициясы тарабынан кармалды. Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайда камакта.

Шектүү адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынын 23-апрелде, Ленин районундагы «Народный» дүкөндөрүнүн биринин жанынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев билдирди.

«Ыкчам топтогулар буга чейин эле баңгизатын сактап, башка адамдарга таркатып жүргөн белгисиз адам жөнүндөгү маалыматка ээ болушкан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал адам жанагы кармалган УКМКнын кызматкери экендиги аныкталды», — деди ал.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, баткендик тергөөчүнүн жанынан 7 грамм «өзүнчө бир жытка ээ кочкул жашыл түстөгү зат» табылган. Милиция аны гашиш деп божомолдоп жатат.

Кармалган адамга таандык унаадан дагы 16 грамм ошондой эле зат табылган.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайда камакта. Тергөөнүн кызыкчылыгын үчүн анын аты-жөнү айтылбай эле.

Ага карата беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган «Баңгизатын даярдоо, алуу, сактоо жана бир жерден экинчи жерге жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Осмонбаевдин айтымында, экспертиза кармалган адамдын баңгизат колдоно тургандыгын аныктаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматкери чын эле кармалгандыгын ырастады. Алар тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпей тургандыктарын билдиришти.

Кармоо — жооп ирээтиндеги реакциябы?

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов УКМКнын кызматкеринин кармалышы 12-апрелдеги милиционерлер менен атайын кызматтагылардын ортосундагы чырга байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Бул эки органдын ортосунда атаандаштык дайыма эле болуп келген. Бирок, ал жалпысынан жакшы эле мүнөздө болчу. Ал уруксат берилген чектен чыкчу эмес, а бул жерде болсо атаандашуу куралдуу чырлашууга алып келе турган каршылашууга өтүп кетти», — деди ал.

ИИМ менен УКМК кызматкерлеринин ортосундагы чыр 12-апрелде – атайын кызматтагылар тарабынан Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашевдер «пара» алып жаткан жеринен кармалышкандан кийин башталган.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо маалында ал жерге 50-60тай милиция кызматкери келип, кесиптешинин кармалышына тоскоолдук кылышкан.

Сарбашев 13-апрель күнү эртен менен бошотулган, Мамбеталиев болсо тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында эки ай камакта болот.

Башка бир талдоочу Токтогул Какчекеев УКМК кызматкеринин кармалышы ал чырга байланыштуу эмес деп эсептейт.

«Бул ал чыр менен байланыштуу эмес. Ал [УКМКнын кызматкери] жөн гана туура эмес маалда туура эмес жерде болуп калган», — деди ал.

Автор: Алексей Ким