«Ротафармды» текшерүү маалында депутат Айтматованы «коркутушкан»

Ajtmatova

Өткөн аптанын жума күнү 15 кишиден турган топ «Ротафарм» фармацевтикалык компаниясын текшерүүгө тоскоолдук кылууга аракеттенишип, ал текшерүүнү демилгелеген депутат Ширин Айтматованы коркутушкан.

Окуя Кыргызстанга сапатсыз дары-дармектерди алып келип жатат деп айыпталып жаткан «Ротафармдын» ишмердүүлүгүн текшерүү маалында болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин имаратына өзүлөрүн «Мекен Шейиттери» уюмунун өкүлдөрүбүз деп тааныштырган 15 киши кирип барган.

Алар фармацевтикалык компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүнү демилгелегендердин негизгилеринин бири болгон депутат Ширин Айтматованы издешкен.

Айтматованын жардамчысы Индира Саутова кирип келгендер тараптан коркутуулар болгондугун айтты.

«Алардын айткандарын сөзмө сөз которсок, Айтматова көптөн бери  башына сокку жей элек экен», — деди Саутова Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок ал учурда департамент имаратынын ичинде депутат болгон эмес — Саутованын айтымында, Айтматова эксперт-фармацевттер менен жолугушуу үчүн окуяга бир нече мүнөт калганда чыгып кеткен.

«Мекен Шейиттеринин» өкүлдөрү «Ротафармды» текшерип жаткан комиссиянын мүчөлөрү милиция чакырып, алар келгенден кийин гана департамент имаратынан чыгып кетишкен.

Гезит чагымчылдык кылдыбы?

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңеши менен текшерүү жүргүзгөн комиссиянын мүчөсү Бурул Макенбаева депутатка карата агрессия «Дело №» гезитиндеги «бир беткей» жазылган макаладан улам пайда болгон болушу мүмкүн деп эсептейт — ал макалада Айтматова «керт башынын кызыкчылыгы» үчүн «Ротафармга» каршы чыгып жаткандыгы жазылган.

«Алар өзүлөрү менен бирге «Дело №» гезитинин ксерокөчүрмөсүн алып келишкен, анда кээ бир жерлеринин алды фломастер менен чийилип коюлган. Андагы маалыматтар бир беткей жазылган», — дейт Макенбаева.

«Бул гезит агрессия актысын чагымдаган деп эсептейм», — деди ал.

Макенбаева  андагы кээ бир адамдар «мас абалында» болгондуктарын кошумчалады. Ал ошондой эле кирип келгендердин баардыгы тең агрессия көрсөтүп, кээ бирлери кетип калуулардын сунуштаганын белгиледи.

«Мекен Шейиттеринин» башчысы Осунбек Жамансариев уюмунун өкүлдөрү менен бирге Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине баргандыгын ырастады, бирок алар тараптан депутаттын дарегине коркутуулар болгондугун четке какты.

Анын айтымында,«Ротафармды» текшерүү «башка компанияга жол бошотуу» үчүн «аны сүрүп чыгарууга аракет кылып жаткан» Ширин Айтматованын «жеке» кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат.

«Мен алардын аракеттери боюнча баа бергем, элестетип көргүлө кыска мөөнөттүн ичинде эле силердин уюмду 5 негизги күч түзүмү келип текшерсе – бул деген толугу менен тартиптин төмөн түшүшү болуп калып жатпайбы». – деди Жамансариев.

Ал кошумчалагандай, «Мекен Шейиттерине» - «Ротафарм» компаниясы тарабынан алынып келинген «Репретин» дарысын «ичкен» бейтаптар кайрылып, «Репретин» аларга «жакшы таасир этип, пайдасын тийгизип жатканын» айтышкан.

Британ компаниясы эмес

«Ротафарм» дары-дармек чатагына алгач көз карандысыз изилдөөчүлөр, андан кийин бир катар саясатчылар менен башка фармкомпаниялардын изилдөөлөрү тарабынан Кыргызстанда сатылып жаткан «Репретин» дарысы адамдардын ден соолуктарына зыян келтире тургандыгы аныкталгандан кийин, 2013-жылдын февралында дуушар болгон.

Мындан улам изилдөө жүргүзгөн британдык «Гардиан» басылмасы «Репретин» дарысын колдонууга өткөн бейтаптар өздөрүн начар сезип, анын кошумча эффектилеринен жабыркап баштагандыктары да белгилүү болгон.

«Гардиан» гезитинин изилдөөсүн окуу

«Гардиандын » макаласында Равшан Тагиевдин Белоруссияда туулгандыгы, бирок азыркы тапта Түркия мамлекетинде жашай тургандыгы жазылган.

«Дюдил» бизнес-маалымдамасына ылайык, Тагиев Түркиянын жараны, ал «Ротафарм Лимитед», «Уорлд Медисин Лимитед» («АКИпресс» билдирген) жана «Трокас Фарма Лимитед» сыяктуу жети юридикалык жакты башкарат.

2013-жылдын мартында компанияга каршы чыгып жаткан дарыгерлер менен укук коргоочулар аларга карата «Ротафарм» тарабынан аңдуулар, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгын билдиришкен.

Компания өз кезегинде алардын дары-дармектерин зыяндуу деп атаган дарыгеролерди сотко берген.

«Ротафарм» чыр башталгандан бери компанияга каршы айтылган билдирүүлөрдүн бардыгы тең алардын атаандаштарынын «сатып алууларынын» жыйынтыгы экендигин билдирип келет.

Автор: Алексей Ким