Бишкекте «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу жана оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин эркиндикке чыгарууну талап кылган митингге 600дөй киши катышты. Акциянын соңунда уюштуруучулар аймактарда «элдик бийликти орнотуу» чечимине келишти.
Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы митингге катышуу үчүн Кыргызстандын бардык облустарынан адамдар келишти — алар «Кумтөрдү» иштетүү боюнча канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылышты.
Митингдин уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров Kloop.kgге берген маегинде учурдагы макулдашуу «кыргыз элинин кызыкчылыктарына каршы келип», «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгү экологияга зыян алып келип жаткандыгын айтты.
Бекназаров кендеги бир катар экологиялык нормалардын бузулганын аныктап чыккан мамлекеттик комиссиянын корутундусуна таянууда.
Митингдин катышуучулары ошондой эле: «Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовдорго эркиндик» деп кыйкырып жатышты.
Секиден парламентти таркатуу чакырыктары да угулду.
Митингдин катышуучулары парламентке өз делегаттарын жөнөтүүнү көздөп жатышкан, бирок ал жакка барган баатыр энелер менен ак сакалдарды Ак үйгө киргизбей коюшту.
«Кыргызстандын мусулмандар жамааты» кыймылынын лидери Нурлан Мотуев эми нааразычылык акциялары аймактык администрациялардын алдыларында да өтөөрүн жана ал жактарда «элдик бийлик орной» тургандыгын Kloop.kgге билдирди.
«Эгер бардыгы ушундай улана бере турган болсо кыргыз эли чыдабайт, согуш башталат», — деп билдирди Мотуев.
«Ала-Тоо» аянтындагы тартипке Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын 250-300дөй кызматкери көз салып турушту.
Акция тынч өттү, бирок митингдин соңунда демонстранттардын тобу Ак үйдү көздөй жөнөшкөндө милиция аларды сүрүп чыгарып, таркап кетүүлөрүн өтүнүштү.
«Бийликти басып алуу аракети»
Буга чейин «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча ири митинг өткөн жылдын 3-октябрында Бишкекте болгон — анда аянтка 3 миңдей киши чыккан, алардын бир бөлүгү «Ата-Журттун» лидерлеринин жетектөөсүндө парламент имаратынын тосмосунан ашып өтүшкөн.
Бишкектин Биринчи май райондук соту парламентарийлердин ал аракетин бийликти күч колдонуп басып алуу аракети катары баалап, үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытовду бир жылга эрктеринен ажыраткан.
Алардын үчөө тең Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында жарым жыл камакта болгондугун эске алуу менен алардын ал жакта өткөргөн ар бир күнү эки күн деп эсептелет.
Ташиев менен Жапаров дагы жарым жылдан кийин, ал эми Мамытов өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылуу үчүн бериле турган он күндөн кийин эркиндикке чыгышы мүмкүн болчу.
Парламентарийлердин жактоочулары сот өкүмү менен макул болушпай, ал боюнча жогорку инстанциядагы сотко апелляциялык дат арыз менен кайрылышкан.Эми алардын ишин Бишкек шаардык соту карайт, бирок азырынча отурумдун кайсы күнү болоору так белгилене элек.
Автор: Зарема Султанбекова