14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгү: Кыргызстан 1-4 Индия

fotografiya-111

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы 14 жашка чейинки оюнчулар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндө 1:4 ири эсебинде Индия командасынан жеңилип калды.

Индиянын футболчулары оюн эсебин 5-мүнөттө эле – чабуулчу Абутаир айып аянтчасына кирип барып, болжол менен 10 метр аралыктан таамай сокку узаткандан кийин ачышты.

13 мүнөттөн кийин кыргыз курамасынын капитаны Азамат Мелисбеков Эмир Шыгайбаевге каршы эреже бузулгандан кийин белгиленген он бир кадамдыкты так аткарып, оюн эсебин теңеди.

Бирок көп өтпөй индиялык өспүрүмдөр кайрадан алдыга суурулуп чыга алышты — голду беттештин 26-мүнөтүндө чабуулчу Хумантем кыргыз дарбазачысы Вадим Крохинин дарбазасынын алыскы бурчуна таамай соккусу менен узатты.

Төрт мүнөттөн соң Индиялыктар артыкчылыгын дагы арттыра алышты – индиялык коргоочу Анвар бурчтан чыгарып берген топ оюнчулардан кайып барып дарбазага кирип кетти.

Кыргызстан 41-мүнөттө эсептеги айырмачылыкты кыскарта алмак, бирок чабуулчу Данияр Мажитов топту дал индиялык дарбазачы Мойрангтем Сингхунун колуна тээп койду.

Индия оюндун экинчи жарым бөлүгүндө эсепти 1:4кө жеткирди – 54-мүнөттө сол капталдан жарым коргоочу Абиджиндин соккусу таамай чыкты.

Оюндун тагдырын жаңылыштыктар чечип койду

Оюндан кийинки басма сөз жыйынында Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Олег Матвеев оюндун тагдырын анын оюнчуларынын жаңылыштыгы чечип койгондугун билдирди.

«Биздин дарбазага топ киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жаңылыштыктарыбыз оюндун тагдырып чечип койду», – деп белгиледи Матвеев.

Индиянын өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Нараяна Менон кыргыз курамасы үч топ кое бергендигине карабастан оюндун биринчи жарым бөлүгүндө күчтүүрөөк болду деп эсептейт.

«Биринчи жарым бөлүктөгү топторду биздин оюнчулардын ийгиликтеринин аркасында киргизе алдык. А негизинен, мен өз оюнчуларымдын биринчи таймдагы оюнуна ыраазы болгон жокмун, бирок экинчи жарым бөлүктө алар оңолушту», – деп кошумчалады Менон.

Күндүн D тобундагы оюнунда Түркмөнстан курамасы пакистандык командадан 0:6 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты.

Кыргызстан кийинки беттешин 26-апрелде, Пакистан курамасына каршы өткөрөт.

Беттештердин экинчи күнүнөн кийин Кыргызстан Түркмөнстан менен тең чыкканда ээ болгон бир упайы менен өз тобунда төртүнчү орунда келе жатат.

2014-жылы өтө турган Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө сегиз топтун ар биринен бирден команда чыгат.

14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча Азия биринчилиги, квалификация, D тобу:
 

Орун

Команда

О

Ж

Т

Ж

Кт

Кб

У

1 Пакистан 1 1 0 0 6 0 3
2 Иран 1 1 0 0 3 1 3
3 Индия 2 1 0 1 5 4 3
4 Кыргызстан 2 0 1 1 2 5 1
5 Түркмөнстан 2 0 1 1 1 7 1

О = Оюндар, Ж = Жеңиштери, Т = Тең чыгуулар, Ж = Жеңилүүлөр,  Кт = Киргизген топтору, Кб = Кое берген топтор, У = Упай