«Бишкек Парк» соода борборунун жанындагы асфальтты калыбына келтирүү начар аба ырайынан улам белгисиз мөөнөткө чейин кечиктирилип жатат — бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде жаңы «Бишкек парк» соода борборунун алдындагы Киев көчөсүнүн бир бөлүгүн оңдоо иштери жаан-чачындуу күндөрдө жүргүзүлбөшү керектигин билдирди.
«Азыр аба ырайынын шарты мүмкүндүк бербей жаткандыктан бул процесс кечиктирилип жатат», — деди Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде.
Анын айтымында, жолду оңдоо иштери «ысык» аба ырайында жүргүзүлүшү керек.
«Аба ырайы нымдуу болуп турганда асфальт жатпайт, анын өзүнүн технологиясы, белгиленген бир нормалары бар», — дейт Усупбаева.
Усупбаева «Бишкек Парктын» алдындагы жолдун асфальт төшөлмөсүн калыбына келтирүү боюнча иштер качан башталаарын билбестигин айтты.
Борбордун бийлиги апрелдин башында оңдоо иштери экинчи аптада башталаарын айтып, убада берген. Бирок калыбына келтирүү иштери дагы деле баштала элек.
Буга чейин «Бишкек парк» соода борборунун менеджери Владимир Павлюнин имараттын алдындагы жолду оңдоо иштери башталгандыгын билдирген, бирок анда анын айткандарына далил табылган эмес.
«Бишкек парк» соода борборунун курулушу Бишкектин жашоочуларынын нааразычылыгын жараткан, анткени шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирине курулуп жаткан имарттын алдындагы асфальт бузулган.
«Бишкек парк» 2013-жылдын февралында соода борборуна канализация өткөрүү үчүн Киев көчөсүнүн бир нече жеринин асфальт төшөлмөсүн алган, кийинчерээк анын ордуна тротуарларга ылайыкташтырылган брусчаткалар коюлган.
Эки айдан кийин, апрелдин башында, унааларга арналбаган ал брусчаткалардын бир нечеси бүлүнүп, анда терең чуңкурлар пайда болгон.
Автор: Эльдос Казыбеков