25-апрелде «РусГидро» башкармасынын төрагасы Евгений Дод Кыргызстандын президенти менен болгон жолугушуусунда орус компаниясы ГЭСти май айында куруп баштаарын билдирди.
Дод Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге орусиялык компания Жогорку Нарын каскадындагы төрт гидроэлектростанциянын биринчисин курууга кийинки айдан баштап киришээрин билдирди – бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
«Биз май айында биринчи бетонду төшөө боюнча курулуш иштерин жана бардык жалданма компанияларды курулуш аянтына чыгууга даярбыз», — деп жазган басма сөз кызматы Доддун айткандарын.
Ал бул боюнча иштер «жаман эмес темп» менен жүрүп жатканын белгиледи. Дод ГЭСти долборлоо үчүн тандалган «Ленгидропроект» өз долбоорун бүгүн тапшыра тургандыгын айтты.
«Мен кыргыз энергетиктери менен бирге биз ТЭНди [техника-экономикалык негиздемени]тез эле баалайбыз жана каржылоону да ошондой эле тез эле сунуштайбыз деп ойлоп турам. Менимче, биз ага чейин курулушту жайылтуу үчүн каражатты өз колубузга алабыз», — деп ишендирди «РусГидронун» башкармасынын төрагасы.
Нарын ГЭСи – Жогорку Нарын каскадынын алкагында куруу чечими кабыл алынган төрт гидроэлектрстанциянын бири болуп саналат. Ал орточо эсеп менен жылына 1 055 млн. кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу жана пайдаланууга берүү жөнүндөгү макулдашууга өткөн жылдын 20-сентябрында Бишкекте кол коюлган.
Каскадда төрт ГЭС болот: Ак-Булуң жана үч Нарын ГЭСи. Төрт станциянын белгиленген жалпы кубаттуулугу 191 МВт, электр энергиясын өндүрүү саатына 1 миллиард 55 миллион киловатты түзөт.
Долбоордун болжолдуу наркы 425 миллион доллардын айланасындагы каражат болот. Ар бир станциянын курулушу үчүн үч жылдай убакты талап кылынаары күтүлүүдө.
Автор: Александра Ли
Сүрөт: Nurdjen