Ош: Жашоочулар жүргүнчү толгон кичи автобустардан таксилерге өтө башташты

fotografiya-111

Ошто жык-жыйма толгон маршруттук таксилер адаттагы эле көрүнүшкө айланып, жүргүнчүлөрдүн нааразычылыктарын жаратууда. Кичи атобустардын айдоочулары жол киренин арзандыгын айтып, жүргүнчүлөрдү жык-жыйма кылып толтуруп алуусун улантып жаткан кезде шаар тургундары такси менен жүрүүнү туура көрүп башташты.

Асель үч жашаар кызы менен күн сайын Мады айылынан шаарга жетүү үчүн таксиге 50 сом коротот.

Ал бир жыл мурун «Ош—Каратай» каттамы боюнча бара жаткан кичи автобустан өрт чыккандыгына күбө болгон. Айтымында, анда киши толгон кичи автобустун жүргүнчүлөрү коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам жабыр тартышкан.

«Маршрутканын ичинен бир нерсе тутанып, анан унаа толугу менен өрттөнүп баштаган. Сыртка тез чыга албай калып бир нече киши жабыр тарткан. Жүргүнчүлөр жык-жыйма болгон кичи автобустан чыкканга чейин эң акыркы орундукта отурган баланын буту күйүп, ээрип кеткен бут кийими бутуна жабышып калган», — деп эскерди Асель.

Бул окуядан кийин ал кичи автобустардын кызматтары менен пайдаланбоого аракет кылат. Айтымында, аларда жүргүнчүлөр толтура болуп, кызы экөөнө орун жок болуп калат же болбосо өтө эле жай жүргөндүктөн ар дайым жумушка кечилигип калат.

Асель медайым болуп иштеп, айына 4 миң сом айлык алат. Каражат тартыш болсо да ал коопсуздук жана ыңгайлуулук үчүн такси менен жүрүүгө мажбур.

36 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу Махмуд Мамажанов «Кийим-кече базары — Келечек — Туран кичи району» шаардык каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Күнүнө ал 80-100 жүргүнчү ташып, каттам боюнча төрт жолу барып-келүүгө жетишет. Кичи автобусунда отура турган 13 орун бар. Анын айтымында, маршруттук таксилерде ашыра жүктөлүш эртең менен жана кечинде – жүргүнчүлөр жумуштарына баратканда жана келе жатканда болот.

«Айдоочулар бир күн кечке иштеп, болбогон акча табышат. Биздин деле баарыныкындай эле үй-булөбүз, балдарыбыз бар. Жол кире — болгону сегиз сом. Ошондуктан белгиленгенден бир аз көбүрөөк киши алууга туура келет. Адамдар эртең менен жумушка, сабакка шашып бара жатышканда маршруттук таксилер аз болуп калат. Анан биз аларды албай кое албайбыз да, өзгөчө кышкы суук күндөрү», — деди айдоочу актанып.

Мамажанов маршруттук таксиге ар бир адам өз каалоосу менен түшөт, жана эгер ал толтура болсо жүргүнчү отурбай кое алат деп эсептейт: «Кээ бирде өтө жүктөлүш болуп кеткенде биз токтобой кетебиз, антсек жашоочулар даттанышат».

Баалар жогорулайбы?

Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт агенттигинин башчысы Искендер Жороев айдоочулар эмгектерин таптакыр актабаган каражат табышат деп билдирди. Анын айтымында, ушул себептүү агенттик айдоочулардын 13 жүргүнчүдөн көп алуусуна тыюу сала албайт.

«Эгер эрежелерди кынтыксыз аткарып, кичи автобустарга 13төн ашык киши албай иштешсе анда айдоочулардын эмгектери менен чыгымдарын акташ үчүн жол кирени 20 сомго чейин жогорулатуу керек. А мындай шарттарга шаар тургундары макул болушабы?», — деп суроо салды Жороев.

«Ушундай көйлөрдү жоюу үчүн керектүү жерлерде кичи автобустардын санын көбөйтүп жатабыз», — деп түшүндүрдү ал.

Транспорт көйгөйүн чечүү үчүн мэрия сатып алган автобустар жетишсиз
Транспорт көйгөйүн чечүү үчүн мэрия сатып алган автобустар жетишсиз

Юрист Данияр Өскөнбаев жол кирени 2 сомго жогорулатууну сунуштоодо.

«Албетте, айдоочуларга да кыйын болуп атат, ошондуктан жол кирени жогорулатуу зарыл. Мен азыркыдай 8 сом эмес 10 сом төлөөгө даярмын, менимче, көп эле шаар тургуну макул болот болушу керек», — деди ал.

Ош шаарынын тургуну Саида Жусупова аялдамада көпкө күткөндөн көрө киши толгон маршруттук такси менен жүрүүнү туура көрөт. «Кысылышта, бирок таарыныч жок», — дейт ал.

Көбүрөөк автобус

Оштун жашоочусу Тамара Айтбаева нормалардын сакталышына Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы жооп бериши керек деп эсептейт.

«Компетенттүү органдар өз ишин так аткарбагандыктан жөнөкөй шаар тургундары азап тартып жатышат. Орусияда жүктөлүш такыр болбойт, анткени МАИ кызматкерлери андай айдоочуларга айып салат», — деп эсептейт ал.

Ал эми таксиге күнүнө 60 сомдон короткон студент Чолпонай Айдарова эгер таксисттер өз кызматтарын арзандатышса кырдаалдан чыкса болот деп эсептейт.

«Таксисттер аралыкка жараша шаар ичине 10 сомдон 30 сомго чейин алышсын. Адамдарга да ыңгайлуу болот, таксисттердин да бизнеси өнүгө баштайт», — деди ал.

Шаар бийлиги транспорт көйгөйүн гранттык каражаттарга ири автобустарды сатып алуу менен чечүүгө аракет кылып жатат.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, түштүк борбордун бийлиги акыркы төрт жылдан бери 30 чоң автобус жана 4 троллейбус сатып алган.

Автор: Аида Ахмедова

Редактор: Музаффар Турсунов