Бишкек шаардык соту «ата-журтчулардын ишин 2-майда карайт

IMG_0022_1

«Ата-Журт» партиясынын «бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деп айыпталып жаткан лидерлеринин иши боюнча соттук процесс 2-майда, Бишкек шаардык сотунда уланат. Буга чейин Биринчи май райондук соту депутаттарды күнөлүү деп тапкан.

«Бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылышкан деп айыпталып жаткан Камчыбек Ташиев, Талант Мымытов жана Садыр Жапаровдордун иштерин кароо 2-майга белгиленди, деп билдирди Ташиевдин жактоочусу.

Парламентарийлер буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан «Кумтөр» кенин улутташтыруу талабы менен былтыр, 3-октябрда өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алуу» аракетин көрүүгө күнөлүү деп табылышкан.

Сот Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, а Мамытовду бир жылга эрктеринен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Алардын үчөө тең Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында жарым жыл камакта болгондугун эске алуу менен алардын ал жакта өткөргөн ар бир күнү эки күн деп эсептелет.

Бул Ташиев менен Жапаров дагы жарым жылдан кийин, ал эми Мамытов өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылуу үчүн бериле турган он күндөн кийин эркиндикке чыгышы мүмкүн болчу дегенди билдирет.

Бирок парламентарийлердин жактоочулары сот өкүмү менен макул болушпай, ал боюнча жогорку инстанциядагы сотко апелляциялык дат арыз менен кайрылышкан.

Автор: Шахида Дүйшеева