Кыргыз тилин билбегендиги үчүн айып пул салуу депутаттар тарабынан биротоло жактырылды

dictionary10443

Парламент 26-апрелде өлкөдөгү документациялардын бардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек деген «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды.

Эгер «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирсе мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн кыргызстандыктарга айып пул салынат, мамлекеттик документациялардын бардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн жыйынга катышкан депутаттардын 88и добуш берип, калган беш депутат ага каршы болду.

Социал-демократ Төрөбай Зулпукаров кыргызстандыктар мамлекеттик тилди билиши керек деп эсептегендиктен өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы үчүн добуш берген.

«Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз тилин билиши керек [...] Эгер адам башка тил билсе ал тоскоолдук кылбайт, бирок ар бир жаран өзүнүн эне тилин билиши керек. Кыргыз элинин мекенчил адамы катары мен мамлекеттик тилди сыйлайм», — деди Зулпукаров.

Өмүрбек Абдрахманов мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн добуш бергендигин билдирди, бирок ал ошол эле маалда кыргыз тилин билбегендерге карата айып пулдун киргизилишине каршы.

«Кыргыз тилин билбесем кантип сүйлөшөм. Азыр бизде саясат де-факто, бардыгы мамлекеттик тилде жасалып жатат. Жашоочулардын көпчүлүк бөлүгү да мамлекеттик тилде сүйлөшөт. Мен айып пулдун киргизилишине каршымын, ар дайым каршы болуп келгем, кийин да каршы болом, бирок жалпысынан, мен ушул үчүн гана каршы чыга алмак эмесмин», — деди Абдрахманов.

Анын фракция боюнча кесиптеши Наталья Никитенко мыйзам долбооруна үч окууда тең каршы добуш бергенин билдирди. Айтымында, анда мыйзамдын иштөө механизмдери көрсөтүлгөн эмес.

«Мен мамлекеттик тилди өнүтүрүү зарыл деп эсептейм жана ага өзгөчө көңүл буруу керек. Бирок тил деген билим берүү куралдары жана маданият аркылуу өнүгөт, а бул мыйзам долбоорунда алар жөнүндө бир дагы сөз жок», — деп эсептейт Никитенко.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши үчүн ага президент кол коюшу керек. Бирок өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын декабрындагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда бул мыйзам долбооруна кол койбостугун билдирген.

«Эгер ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан силер айтып жаткандай — ким мамлекеттик тилди билбесе административдик айып колдонулат деген боюнча кабыл алынган болсо анда мен ага кол колбойм. Анткени адамдан бир нерсени талап кылуудан мурда тилди үйрөнүү үчүн шарт түзүп беришибиз керек», – деген анда  Атамбаев

Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик кызматкерлер төлөөчү айып пулдар тууралуу «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын өзүндө эмес,  Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин сунушталган версиясында жазылган. Кодекстин учурдагы версиясында «мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын бузулушу үчүн» айып пул салуу таптакыр жок.

Жаңы версиясына ылайык, кызматтык жана жеке адамдар 10дон 20га чейинки эсеп-кысап көрсөткүчүн, ал эми юридикалык тараптар 100дөн 200гө чейинки эсеп-кысап көрсөткүчүн айып катары төлөшөт.

Бир эсеп-кысап көрсөткүчү 100 сомго барабар.

«Фридом Хаус» бейөкмөт уюму парламент тарабынан каралып жаткан мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам Эл аралык адам укуктарынын нормаларын жана Кыргызстандын Конституциясын бузуп жатат деп эсептейт.

Автор: Алексей Ким