Кытайдан келип жаткандарды канаттуулар тумоосунан текшерүү күчөтүлдү

Pudong
Саламаттыкты сактоо министрлиги канаттуулар тумоосунун эпидемиясынан улам Кытай Эл Республикасынан келгендердин бардыгын текшерет. Кытайда март айынан бери вирустан 22 киши каза болуп, ооруп калгандардын саны 108ге жетти.

Текшерүү Кытай менен болгон чек арадагы санитардык-карантин өтмөктөрүндө, алардын ичинде Торугарт жана Эркештам ашууларында, ошондой эле «Манас» аэропортунда күчөтүлөт, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

«Бардык өтмөктөрдө адамдын денесинин температурасын 5-6 метр алыстыктан эле аныктоочу тепловизорлор ишке киргизилди», — деп жазылган министрлик тараткан билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз катчысы Светлана Байтикова Kloop.kgге берген маегинде текшерүү дүйнөдө, анын ичинде Кытайда эпидемия азайганга чейин күчөтүлгөн режимде жүргүзүлөөрүн билдирди.

«Текшерүү эң аз дегенде 2-3 айга, мүмкүн 4 айга чейин деле созулушу мүмкүн. Бардыгы Кытайдагы кырдаалга жараша болот», — деди Байтикова.

Ал түшүндүргөндөй, эгер дарыгерлер Кытайдан келген кишинин денесинин температурасынын жогору экендигин аныкташса, тумоонун бар-жоктугун тактоо үчүн андан анализ алышат.

«Эгер алар канаттуулар тумоосун табышса анда ал адам атайын карантин бөлүмүнө жаткырылат», — дейт ал.

Дарыланып бүткөндөн кийин Кытайдан келген андай адамдар Кыргызстандын аймагында кала алышат.

Дарыгерлер канаттуулар тумоосунун алгачкы белгилеринин ичинен адамдын дене температурасынын 37,5 градустан жогорулоосун жана ашказандын бузулуу белгилеринин пайда болушун белгилешүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, канаттуулар тумоосунун H7N9 деген учурдагы штаммынын тутануусу Кытайда март айында катталган. Андан 22 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын саны 108ге жеткен.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Кэйдзи Фукуда канаттуулар тумоосун акыркы жылдардагы дүйнөдөгү эң коркунучтуу вирустардын бири деп атаган.

«Бул адам өлүмүнө алып келчү вирустардын бири, буга чейин биз аны менен иштеп көргөн эмеспиз», — деди ал.

Уюмдун адистери H7N9 штаммын 2003-жылдан бери 300дөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен H5N1 штамынын мутацияланган формасы деп эсептеп жатышат.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөт: Pudong