Жол курулушу кыргыз-тажик чек арасындагы чырлашууга алып келди

fotografiya-111

Чек араны бойлой кеткен жолдун оңдолушунан улам Ворух тажик анклавындагы айылдын жашоочулары менен андагы кыргызстандыктар мушташып кетишти.

Тараптардын ортосундагы чырлашуу жөнгө салынып, чек аранын эки тарабындагы айыл жашоочулары үй-үйлөрүнө тарап кетишти, бирок түрдүү маалыматтар боюнча, чырлашуу маалында мушташка 30дан 50гө чейинки киши катышкан.

Окуя Баткен облусундагы чек арада жайгашкан Ак-Сай кыргыз айылынын жанында болгон.

Чек арадагы чырлашуу 27-апрель күнү күндүз башталган — тажик анклавынын жашоочулары Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан Ош-Исфана унаа жолунун жаңы бөлүгү алардын чеги аркылуу өтүп жатканын айтып, козголоң чыгарышкан.

Кыргызстандын бийлиги жолдун бул бөлүгүн тажик анклавына кирбей эле Оштон Исфанага айланып өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн куруп баштаган.

«Биз анклав аркылуу өтпөш үчүн Ак-Сай—Тамдык унаа жолун өзүбүз куруп баштаганбыз. Бирок тажик тарап биз алардын аймагына кирип кеткенибизди айтышты», — деп түшүндүргөн Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кагылыштан олуттуу жараат алгандар болгон эмес, бирок кооптуу абал түн жарымга чейин сакталып турган.

Чек арадагы унаа тыгындар

Кагылыштын катышуучулары анклавдан чыга бериш жерди тосуп алышкан, бул өз кезегинде тажик тараптан келе жаткан унаалардын чогулуп калышына алып келген — Ворухтун чек арадагы айылдарынын жашоочулары өз өлкөсүнүн негизги аймагына өтүүгө аракет кылышкан.

Окуя болгон жерде болуп кайткан «Азаттык» радиосунун кабарчысынын билдиришинче, бирок адамдары бар 10 жүк унаасы Ворухтан чыгып кеткен.

«Тажиктерди коопсуз жакка алып кетип жатышат, же жашоочулар өзүлөрү кетип жатышат го, жаңы эле Ворухтан 10 жүк унаасы чыгып кетти», - деп жазган ал өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына.

Анын жазгандарына ылайык, Ворух анклавы тиешелүү болгон Тажикстандын Согди облусунун бийлиги Баткен облусунун бийлигинен тажик жарандары үчүн Ак-Сай аркылуу өтмөк уюштурууну өтүнүшкөн, бирок азырынча жооп боло элек.

Журналисттин айтымында, кагылышууга негизинен таш жана таяктар менен куралданган жаш жигиттер катышкан.

«Чырлашкан эки тараптын тең колдорунда таштар, таяктар жана башкалар... Негизинен жаш жигиттер, арасында мастары да бар», деп жазган ал.

Кырдаал окуя болгон жерге келишкен Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин жөнгө салынды.

Тынч эмес анклавдар

Кыргызстанда үч анклав бар, Ворух — толук бойдон Кыргызстандын аймагы менен курчалган жалгыз тажик анклавы.

Калган эки ири анклав Өзбекстанга тиешелүү, алар да мезгил-мезгили менен болуп турган каршылашуулардын себеби болуп келет.

Буга окшогон чыр үстүбүздөгү жылдын январында, кыргыз тараптагы Көзөмөлдөө өтмөктү электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн зымдын тартылышына нааразы болгон Сох өзбек анклавынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосунда болгон.

Ал чыр кыргызстандыктардан турган топтун бир күнгө барымтага алынышы, ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасынын эки айга толук жабылышы менен аяктаган.

Автор: Бектур Искендер