14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгү: Кыргызстан 1-9 Иран

fotografiya-111

Ирандын өспүрүмдөр курамасы 14 жашка чейинки оюнчулар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндөгү акыркы беттешинде Кыргызстандын командасын 9:1 эсебинде утуп, аларды эч кандай мүмкүнчүлүксүз калтырды.

Иран командасы оюн эсебин 8-мүнөттө ачты — жарым коргоочу Забиолла Кохкан сол каптал менен барып, дарбазанын жакынкы бурчуна таамай сокку узатты.

Иран курамасы артыкчылыгын беш мүнөттөн кийин эки эсеге арттыра алды - чабуулчу Мохди Мохаммадияри кыргыз дарбазачысынын катасынан кийин топко биринчилерден болуп жетип, дарбазаны көздөй туштады.

Ал 19 мүнөттө Кыргызстандын коргоочуларынан өтүп барып дарбазанын борборуна кое берген соккусу менен дагы бир гол киргизүүгө жетишти.

Ирандык команда эки мүнөттөн кийин айып аянтчасынан алыс эмес жерден стандарттык абалды аткарды, соккудан кийин кайрадан артты көздөй учкан топту таамай тээп иран капитаны Ахмед Мазури кыргызстандыктардын дарбазасына дагы бир топ киргизди.

Кыргызстандын дарбазасына бешинчи гол экинчи жарым бөлүк башталаары менен кирди — 33-мүнөттө (өспүрүмдөр арасындагы футболдо бир жарым бөлүктүн узактыгы жарым саатты гана түзөт) Мохаммадияри оң каптал аркылуу өтүп келип дарбазанын жакынкы бурчуна таамай сокку узатты.

Иран кийинки беш мүнөттө дагы эки гол киргизди – алгач 35-мүнөттө Биньямин Замани коргоочулардан өтүп барып, дарбазачы менен бетме-бет чыкканда топту таамай туштады. Ирандыктардын андан кийинки чабуулу да жыйынтыктуу болду — Кохкан сол капталдан ачылып, топту алаары менен жакынкы бурчка жөнөттү.

Кыргызстандын дарбазасына сегизинчи топту алмаштырууга чыккан Мохаммад Реза Гобеишави киргизди, ал айып аянтчасынан алган топту бир тийүүсү менен эле дарбаза торуна жеткирди.

Кыргызстан өз голун беттештин 52-мүнөтүндө киргизди — Арлен Шаршембеков топту оюн талаасынын борбордук бөлүгүнөн чыгарып берген соң, Гүлжигит Алыкулов коргоочулардан өтүп барып, иран дарбазачысынын башынан ашыра жөнөттү.

Оюндагы акыркы голду Ирандын коргоочусу Мохаммадреза Давари Айдар Сүйөркулов иран оюнчусун өз айып аянтчасына каршы эреже бузгандан кийин белгиленген он бир кадамдыктан киргизди.

Жалпы жыйынтык Ирандын пайдасына 9:1 эсебинде аяктады, Кыргызстан тандап алуу оюндарын бир упайы менен өз тобунда акыркы орунда аяктады – ал Түркмөнстан менен болгон беттешинде тең чыгып, бир упайга ээ болгон, жалпысынан өз дарбазасына 22 топ кое берген.

«Кыйын оюн»

Оюндан кийинки маалымат жыйынында Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Олег Матвеев ирандыктар менен болгон «кыйын оюнда» кыргызстандыктар болгон күчүн жумшап аракет кылгандыктарын билдирди.

«Ирандын командасы бардык катарда өтө мыкты тизилген. Бирок бизде мүмкүнчүлүк болду, биз аны пайдалана алгандыгыбызга мен өтө кубанычтамын», – деди Матвеев.

Анын айтымында, команданын көпчүлүк оюнчуларынын жарааты бар болгон, ушуга байланыштуу да кыйынчылыктар жаралган.

Иран курамасынын башкы машыктыруучусу Хосеин Салех анын командасында эки башка тайм болгондугун билдирди. Оюндун биринчи жарым бөлүгүндө алар биздин үмүтүбүздү актабай, көрсөтмөлөрдү аткарышкан жок, деди Салех.

«Тыныгуу маалындагы менин насааттарыман кийин Ирандын экинчи жарым бөлүктөгү оюну мени канаттандырды, анткени алар коюлган милдетти так аткарышты», – деп жыйынтыктады ирандыктардын башкы машыктыруучусу.

D тобунун жеңүүчүсү бүгүн, топто биринчи орунга ээ болушкан Пакистан менен Иран курамаларынын ортосундагы чечүүчү беттештен кийин белгилүү болот.

Эмдиги жылы Өзбекстанда өтө турган 14 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн арасындагы Азия биринчилигине тандап алуу бөлүгүндөгү сегиз топтун ар биринен бирден гана курама барат.

Автор: Улугбек Акишев