Бишкек: Үч жаштагы кызды зордуктаган деп шектелип жаткан адам эки ай тергөө абагында камакта болот

Skrin

Бишкектин Биринчи май райондук соту үч жаштагы кызын сабап, зордуктаган деп шектелип жаткан Үсөн Сакатаевге баш коргоо чарасы катары аны эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Жабырлануучу кыз учурда ооруканада жатат.

«Мурас Ордо» жаңы конушунун жашоочусу Үсөн Сакатаев №1 тергөө абагында 29-июнга чейин камакта болот, деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Сакатаев өзүнүн үч жашар кызын сабаган жана зордуктаган деп шектелип жатат.

Сейитов медициналык экспертиза кыздын зордукталгандыгын ырастагандыгын билдирди.

Болжолдуу тагылган айыптар боюнча, шектүү адам 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүк.

Kloop.kgнин журналисттерине шектүү адамдын жактоочуларынын байланыш даректерин беришкен жок.

Окуя 25-апрель күнү кечинде, Бишкектин Биринчи Май районунун түндүгүндө жайгашкан «Мурас Ордо» жаңы конушунда болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал үйүнө мас абалында келип, жубайын эмчектеги баласы менен чогу үйдөн кубалап жиберген. Анан жанында калган кызын сабап, зордуктаган. Андан соң ал кызын кошуналарына көтөрүп барган.

«Ал кызын кошуналарына өзү алып барып, жыгытып алгандыгын айткан. Кызынын бүт жери кан болгон», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Осмонбаев.

Учурда кыз №3 балдар ооруканасынын жалпы бөлүмүндө жатат, аны ал жакка жаңы эле реанимация бөлүмүнөн которушту.

«24.kg» маалымат агенттиги аталган оорукананын башкы дарыгерине шилтеме жасап, кыз өзүнө келип, абалы жакшырып бараткандыгын билдирди.

Автор: Алексей Ким