21-апрелде кош бойлуу келинди өлтүрө сүзүп кеткен «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ооруканадан чыкты. Азырынча бул боюнча ИИМ кабардар эмес жана ал иш боюнча тергөө иштери улантылбай эле.
21-апрелде Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн кош бойлуу Камила Ахметованы сүзүп кеткен Валентина Назарова 29-апрелде Бишкектин жүрөк кан тамырлар хирургиясы ооруканасынан чыкты — бул маалыматты инфаркт бөлүмүнүн жетекчиси Толкун Мураталиев ырастады.
Бөлүмдүн кабылдамасынан Назарова унаа кырсыгынан кийин дароо эле «жүрөк булчуңунун оор инфаркты» диагнозу менен ооруканага жаткырылгандыгын айтышты.
Бул Ахметова чыгып келе жаткан унааны сүзгөнгө чейин дагы үч унааны чийип өткөн Назарованын актануусунун себеби болуп калышы мүмкүн — версиялардын бири боюнча, окуя Назарованын жүрөгү кармап, унааны башкара албай калгандыгынан улам келип чыгышы мүмкүн.
Ички иштер министрлигинен «Тойотанын» айдоочусу ооруканада болгондуктан тергөө иштери убактылуу токтотулгандыгын жана Назарованын ооруканадан чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшө электигине байланыштуу тергөө башталбастыгын билдиришти.
«Азырынча, тергөөчүлөргө ооруканадан чыккандыгы тууралуу медициналык корутунду келе элек», — деп түшүндүрдү мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү.
Каза болгон келиндин жолдошу Тимур Галимулин «Тойотанын» айдоочусу тергөөдөн жашырынууга аракет кылып жатат деп эсептейт. Ал Назарованын жүрөк оорусу бар экендигине ишенбей эле.
«Ал тергөөдөн кутулууга аракет кылып атат. Саатына 40 км ылдамдыкта келе жаткам деп айтып атат, бирок ал 40 км эмес болчу. Андай ылдамдык менен келип сүзсө унаанын [Ахметова чыгып келе жаткан] ошончолук талкаланышы мүмкүн эмес болчу», — деп эсептейт ал.
Ахметованын жолдошу Назарова унаасынан «толук адекваттуу» абалда чыккан деп далилдөөгө аракет кылууда.
«Тергөө ушундай деп ырастап жатат, анын унаадан адекваттуу эле чыккандыгы тууралуу маалымат жазуу түрүндө да бар, аны менен эч нерсе болгон эмес: журөгү да кармаган эмес инфаркт да болгон эмес, менин түшүнгөнүм боюнча, унаасынан түшүп өзүнүн калкалоочуларына телефон чалып, “Эмне кылсаңар ошо кылгыла, бул көйгөйдү чечкиле, бул жерде өлүк жатат” деп айткан», — деди Галимулин Kloop.kgге берген маегинде.
21 жаштагы Ахметованын беш айлык боюнда бар болчу.
Ал аны менен бирге бир унаада келе жаткан апасынын көз алдында каза болду – апасы «Тойота» аркасынан келип сүзгөнгө чейин унаадан чыгууга жетишкен эмес.
Апасы аман-эсен, жараат алган эмес, бирок дагы деле өзүнө келе албай, пресса менен сүйлөшпөй эле.
Автор: Александра Ли
Сүрөттүн автору: Vasya Lysyi