Чүй облусу: Сержант бирге кызмат өтөгөн жоокер менен уруша кетип каза болду

293087_267569983326055_1608115832_n

Чүй облусунун Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн жоокери мушташуу маалында бирге кызмат өтөгөн сержантты «өлтүрүп алды». Учурда ал Аламүдүн РИИБисинин убактылуу кармоочу жайында.

Ефрейтор Данияр Мейманбек уулу кызматтан убактылуу бошотулган маалда бирге кызмат өтөгөн сержант Азамат Керимбаевди «өлтүрүп алды» — бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Айзада Игибаева билдирди.

Уруш 28-апрель күнү кечинде алар кызмат өтөгөн №73809 аскер бөлүгүнөн алыс эмес  жайгашкан Кой-Таш айылындагы үйлөрдүн биринде болгон.

«Бул алардын эркин убактысында болгон. Бирок алар эс алуунун ордуна ичип алышып, уруша кетишкен», — деди Игибаева.

Анын айтымында, мушташуу маалында курал колдонулган эмес.

Басма сөз катчы Мейманбек уулу взводдук камсыздандыруунун айдоочусу, ал эми Керимбаев жөө аскерлер бөлүмүнүн командири болгондугун кошумчалады.

Мейманбек уулу учурда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта.

Коргоо министрлиги Бишкек прокуратурасына өткөрүп берүү үчүн материалдарды даярдап жатат, андан кийин ишти аскер соту карайт.

Чүй облустук ооруканасынын каттоо бөлүмүнөн 28-апрелде аларга Керимбаевди алып келгендиктерин ырасташты. Анын башында кан шишиги бар болчу, ал кийинчерээк ошондон улам көз жумду.

Каза болгон жоокер кызмат өтөөгө 2009-жылы чакырылган. Анын артынды жубайы жана эки уулу калды.

Автор: Алексей Ким