Чек арадагы талаш-тартыштар чечилгенге чейин Ворухтун айланасындагы жолду оңдоо токтотулду

Snimok-e-krana-ot-2013-04-29-111956

27-апрелде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы мушташка алып келген жолдун курулушу тууралуу маселени чечүү үчүн Кыргызстандын Баткен облусунун өкүлдөрү менен Тажикстандын Согди облусунан келген топ жолугушат. Баткен облусунун администрациясы чек арадагы абалды тынч деп баалап жатат.

Кыргызстандын Баткен облусу менен курчалган Ворух тажик анклавынан айланып өтүү үчүн курулуп жаткан унаа жолдун курулушу анын кайсы жер аркылуу өтүшү керектиги аныкталганга чейин  убактылуу токтотулду.

Облустук администрациянын басма сөз катчысы Маматжан Бердишевдин айтымында, Баткен облусунун бийлиги Ош-Исфана жолунун андан аркы курулушу жөнүндө макулдашууга келүү үчүн Тажикстандын Согди облусунун чиновниктери менен жолугушуу чечимин кабыл алган.

Жолугушуунун кайсы күнү болоору азырынча белгисиз.

27-апрелде курулуш иштери Ворух менен чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочуларынын ортосунда каршылашууну жараткан.

Түрдүү маалыматтар боюнча, 30дан 50 чейинки киши катышкан мушташ тажик анклавынын жашоочулары Кыргызстан тараптан курулуп жаткан Ош-Исфана унаа жолунун жаңы бөлүгү алардын чеги аркылуу өтүп жатканын айтып, козголоң чыгарышкандан кийин башталган.

Милиция мушташып жаткандардын ортосуна түшүп, аларды ажыраткан — «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын маалыматы боюнча, мушташка катышып жаткандар ыргыткан таш милиция кызматкерлеринин бирине тийип, ал жараат алган.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, мушташтын жыйынтыгында сегиз адам жабыр тарткан, учурда алар ооруканада.

27-апрель күнү кечинде анклав аркылуу өтө турган жол тосулган, бирок көзөмөл-өтмөктөр бүгүн кадимкидей эле режимде иштеп жатат, абал тынч — Kloop.kgнин журналисттерине бул маалыматты Баткен обладминистрациясынын басма сөз катчысы Маматжан Бердишев ырастап берди.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча үч кылмыш ишин козгоду — бул тууралуу «Азаттык» радиосуна берген маегинде министрдин орун басары Асанов билдирген.

Кагылыш болгон маалда ал жакта болуп кайткан «Ынтымак» радиосунун программалык директору Сабыр Абдумомунов да кырдаал жөнгө салынгандыгын билдирүүдө. Бирок ал өзүнүн «Твиттер» эккаунтуна жазгандай, «азырынча бардыгы толук жакшы эмес».

«Азырынча бардыгы толугу менен жакшы эмес, бирок милициянын көзөмөлүндө», - деп жазган ал.

Кыргызстандын бийлиги жолдун бул бөлүгүн тажик анклавына кирбей эле Оштон Исфанага айланып өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн куруп баштаган.

Тынч эмес анклавдар

Кыргызстанда үч анклав бар, Ворух — толук бойдон Кыргызстандын аймагы менен курчалган жалгыз тажик анклавы.

Калган эки ири анклав Өзбекстанга тиешелүү, алар да мезгил-мезгили менен болуп турган каршылашууларга себеби болуп келишет.

Буга окшогон чыр үстүбүздөгү жылдын январында, кыргыз тараптагы Көзөмөлдөө өтмөктү электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн зымдын тартылышына нааразы болгон Сох өзбек анклавынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосунда болгон.

Ал чыр кыргызстандыктардан турган топтун бир күнгө барымтага алынышы, ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасынын эки айга толук жабылышы менен аяктаган.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттө Ворух аклавы, автору: VolkerJacoby