Футбол: «Дордой» сезонду Суперкубоктогу жеңиши менен баштады

fotografiya-111

Кыргызстандын чемпиону болуп эсептелген «Дордой» футбол клубу борбордун «Алга» командасы менен болгон эки жолку беттешинин жалпы жыйынтыгы боюнча 6:2 эсебинде жеңишке жетип, өлкөнүн Суперкубогун утуп алды.

Суперкубоктун экинчи оюну 27-апрелде Бишкекте өттү.

«Дордойдун» 3:2 эсебинде жеңишке жетиши команданын куржунуна кезектеги наамды алып келди. 21-апрелде болгон биринчи оюнда «Дордой» «Алганын» үстүнөн 3:0 ири эсебинде жеңишке жеткен.

Экинчи беттеш «Дордойдун» басым жасоосу менен башталды — Мирлан Мурзаев оюндун экинчи мүнөтүндө эле Вадим Харченконун берген тобун так ишке ашырып, мыктылыгын көрсөттү.

«Дордойдун» чабуулчусу Дэвид Тетте беттештин 36-мүнөтүндө, Харченкого каршы оюн эрежеси бузулгандыгы үчүн берилген он бир кадамдыктан таамай тээп дагы бир топ киргизе алмак, бирок «Алганын» дарбазачысы Валерий Кашуба анын соккусун тосуп койду.

Беш мүнөттөн кийин Тетте өз катасын оңдоп, Харченконун сол капталдан көтөрүп берген тобун Кашубанын дарбазасын көздөй башы менен таамай туштай алды.

Экинчи жарым бөлүктүн башталышында эки оюндун жалпы эсеби боюнча «Алга» 0:5 эсебинде утулуп жаткан. «Дордой» бошоңдой түштү, ал эми жоготууга эч нерсеси калбаган «Алга» болсо биринин аркасынан бири уланган чабуулдарын баштады.

Алардын биринде Иван Филатов Айбек Орозалиевдин сол капталдан чыгарып берген тобун Максим Агаповдун дарбазасынын жогорку сол бурчуна таамай тээп киргизди.

Беттештин 75-мүнөтүндө «Алганын» оюнчусу Артур Муладжанов оң капталдан чыгарылып берилген топту башы менен сүзүп оюн эсебин теңеди.

Бирок «Дордой» атаандашына экинчи оюнду тең чыгуу менен аяктоого жол берген жок — беттештин акыркы мүнөтүндө «Алганын» оюнчусу Каюмжан Шариповго каршы оюн эрежесин бузгандыгы үчүн белгиленген он бир кадамдыкты Мурзаев таамай ишке ашыра алды.

Бишкектиктердин үстөмдүгү

«Дордойдун» машыктыруучусу, орусиялык адис Сергей Дворянков алардын дарбазасына эки топ анын оюнчуларынын экинчи жарым бөлүктө бошоңдой түшкөндүктөрүнөн улам кирип кеткендигин мойнуна алды.

«Алга» командасы бизди экинчи беттеште оюнубузду кайрадан башкача кылып түзүүгө мажбур кылды, жалпысынан, бизди оюн талаасындагы кылгандарыбыз үчүн жазалады», — деди ал оюндан кийинки маалымат жыйынында.

«Алганын» машыктыруучусу Нематжан Закиров экинчи оюндун алдында жеңишке анча деле үмүттөнбөгөндүгүн мойнуна алды. Айтымында, ал ошол себептен оюнчуларынан «жакшы футбол» көрсөтүүнү гана өтүнгөн.

«Мен балдарга биринчи беттеште 0:3 эсебинде жеңилгендигибизди, эми эч кандай басым жоктугун түшүндүрүүгө аракет кылдым», — деди Закиров.

Акыркы жылдары «Дордой» менен «Алга» кыргыз футболунда үстөмдүк кылып келишет. 2012-жылкы сезондо «Дордой» Кыргызстандын эки негизги трофейин тең — Топ-лиганы да, Көз карандысыздык кубогун да жеңип алган.

Бул эки мелдеште тең «Алга» экинчи орундарга ээ болуп келет. Бул командалардан ушундай эле үстөмдүгү Топ-лиганын май айында баштала турган кезектеги сезонунда да күтүлүүдө.

Дүйнөнүн башка бардык өлкөлөрүндөй эле Суперкубокто Лига менен Кубоктун жеңүүчүлөрү кез келишишет. Эки мелдеште тең «Дордой» жеңишке жеткендиктен анын атаандашы болуп финалист катары өткөн «Алга» командасы болуп калган.

Авторлор: Бектур Искендер, Шерзод Бабакулов жана Тилек Бейшеналиев