Бишкекте кош бойлуу келинди сүзүп кеткен айдоочу кармалды

avariya

Милиция кош бойлуу келинди өлтүрө сүзүп кеткен «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун кармап, убактылуу кармоочу жайга камады. Сот үч күндүн аралыгында ага карата баш коргоо чарасын белгилөө боюнча чечим чыгарышы керек.

21-апрель күнү кош бойлуу Камила Ахметованы сүзүп кеткен Валентина Назарованын иши боюнча тергөө кайрадан улантылып, ал шектүү катары убактылуу кармоочу жайга камалды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Ал сот эки күндөн кийин кармалган адамга карата баш коргоо чарасын белгилеши керектигин айтты.

Осмонбаевдин айтымында, Назаровага каршы «жол коопсуздук эрежесин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, Кылмыш кодексинде бул үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Эгер дагы кайсы бир фактылар аныкталса мүмкүн дагы башка беренелер боюнча да жазага тартылат, бирок кылмыш иши ушул берене боюнча козголду», — деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Жол кырсыгы 21-апрелде Жукеев-Пудовкин көчөсүндө болгон. Назарованын башкаруусундагы «Тойота Лэнд Крузер» үч унааны чийип барып жүргүнчүсү каза болгон төртүнчү унааны барып сүзгөн.

Тергөөнүн версияларынын бири боюнча, жол кырсыгы «Тойотанын» айдоочусунун жүрөгү кармап, унааны башкара албай калгандыгынан улам келип чыккан. Бирок беш айлык боюнда бар каза болгон Камила Ахметованын жакындары Назарованын ооругандыгына ишенбей жатышат.

Каза болгон келиндин жолдошу Тимур Галимуллин  «Тойотанын» айдоочусу жүрөк оорусуна жамынуу менен тергөөдөн качууга аракет кылып жатат деп эсептөөдө.

Ал Назарованын унаадан «толук адекваттуу» абалда чыккандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

«Тергөө ушундай деп ырастап жатат, анын унаадан адекваттуу эле чыккандыгы тууралуу маалымат жазуу түрүндө да бар, аны менен эч нерсе болгон эмес: журөгү да кармаган эмес инфаркт да болгон эмес, менин түшүнгөнүм боюнча, унаасынан түшүп өзүнүн калкалоочуларына телефон чалып, “Эмне кылсаңар ошо кылгыла, бул көйгөйдү чечкиле, бул жерде өлүк жатат” деп айткан», — деди Галимулин Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок буга карабастан кырсыктан кийин Назарова жеткирилген Бишкек жүрөк кан тамырлар хирургиясынан айдоочунун дарты катары «жүрөк булчуңунун оор инфаркты» болгондугун билдирип жатышат.

«Тойотанын» айдоочусу ооруканадан 29-апрелде чыккан.

Автор: Александра Ли

Фото: Vasya Lysyi