«Пара талап кылгандыгы үчүн» Бишкек мэриясынын чиновниги кармалды (+видео)

29-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы пара алып жаткан жеринен Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысын колго түшүрдү. Шектүү адам учурда УКМКнын тергөө абагында. http://www.youtube.com/watch?v=EH5Yg29vZ6s

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, кармалган адам жүргүнчү ташуу тармагында иштеген жеке ишкерлерден акча «талап кылган».

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан мэриянын чиновниги эмне үчүн «пара талап кылгандыгын» так айтып бере алышкан жок.

«Ал кайсыл бир кызматтары үчүн акча талап кылган, азырынча кайсыл кызматтар экендиги белгисиз, аны тергөө аныктайт», — деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү.

УКМК кармалган адамга карата «пара талап кылуу» беренси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн Шаардык транспорт башкармалыгы жеткиликсиз болуп жатат.

Автор: Александра Ли