Ворухтагы жаңжал: Кылмыш ишинин материалдары Тажикстанга өткөрүлүп берилет

voruh

Кыргызстандын укук коргоо органдары 27-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал боюнча үч кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарын тажик кесиптештерине өткөрүп берүүгө даярданып жатышат.

Милиция 27-апрелде Ворух жана Ак-Сай айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы мушташка катышкан Тажикстандын жарандарына карата үч кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды топтоп жатат, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

ИИМ мушташ фактысы боюнча жалпысынан сегиз кылмыш ишин козгоого материал топтоду: үчөөнү Тажикстандын жарандарына, бешөөсүн кыргызстандыктарга карата.

Кыргыз милициясы чогулган материалдар боюнча «каракчылык» беренеси менен үч кылмыш ишин козгоду. Мындай аракеттер үчүн жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ворух тажик айылы менен чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай кыргыз айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы чырдын чыгышына Тажикстандын аймагынан айланып өтө турган Ош-Исфана унаа жолунун курулушу себеп болгон.

ИИМдин маалыматы боюнча 100дөй киши катышкан ал мушташ тажик анклавынын жашоочулары Кыргызстан тарап куруп жаткан Ош-Исфана унаа жолунун жаңы бөлүгү алардын чеги аркылуу өтүп жатканын айтып, козголоң чыгарышкандан кийин башталган.

Милиция мушташып жаткандардын ортосуна түшүп, аларды ажыраткан — «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын маалыматы боюнча, мушташка катышып жаткандар ыргыткан таш милиция кызматкерлеринин бирине тийип, ал жараат алган.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, мушташтын жыйынтыгында сегиз адам жабыр тарткан, учурда алар ооруканада.

27-апрель күнү кечинде анклав аркылуу өтө турган жол тосулган, бирок көзөмөл-өтмөктөр бүгүн кадимкидей эле режимде иштеп жатат, абал тынч — Kloop.kgнин журналисттерине бул маалыматты Баткен обладминистрациясынын басма сөз катчысы Маматжан Бердишев ырастап берди.

ИИМ чек арадагы кырдаалды «туруктуу» деп баалап жатат.

Тынч эмес анклавдар

Кыргызстанда үч анклав бар, Ворух — толук бойдон Кыргызстандын аймагы менен курчалган жалгыз тажик анклавы.

Калган эки ири анклав Өзбекстанга тиешелүү, алар да мезгил-мезгили менен болуп турган каршылашууларга себеби болуп келишет.

Буга окшогон чыр үстүбүздөгү жылдын январында, кыргыз тараптагы көзөмөлдөө өтмөктү электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн зымдын тартылышына нааразы болгон Сох өзбек анклавынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосунда болгон.

Ал чыр кыргызстандыктардан турган топтун бир күнгө барымтага алынышы, ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасынын эки айга толук жабылышы менен аяктаган.

Автор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды