Америка аскерлери «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунда кандай жашашат?

fotografiya-16

Транзиттик жүк ташуу борборундагы ар бир аскер кызматкерине күнүнө бир литр сыра ичүүгө уруксат берилет, андагы электр энергиясы дизель отунунан өндүрүлөт жана америкалык аскерлер Ооганстандан кайтып келе жатышып ал жактан көп учурларда үйлөрүнө бычак ала кетүүгө аракет кылышат.  

«Манас» Эл аралык аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борборунун офицерлери базанын жалпы аянтын так айтып бере алышкан жок, бирок ал анда каттамдык автобустар жүргүдөй жетишээрлик эле чоң.

База дүкөндөрү, кафеси, жатаканалары жана спорттук клубдары бар анча чоң эмес америкалык шаарчаны элестетет. Андагы жатаканалардын температураны жөнгө салып тургудай терезелери жок.

Алар аскерлердин жарым бөлүгү түндөсү иштеп күндүз уктай тургандыктарын түшүндүрүшүп, кыргыз журналисттерине катардагы жоокерлердин казармасына кирүүгө уруксат бербей коюшту.

Жоокерлер терезеси жок жатаканада жашоо бир аз кыйын экендигин мойундарына алышууда
Жоокерлер терезеси жок жатаканада жашоо бир аз кыйын экендигин мойундарына алышууда

Бирок подполковник Макс Диспейн кызыккандарды өз бөлмөсүнө чакырды — анын аскерий наамы ага шкафы, иш столу жана компьютери бар өзүнчө бир бөлмөдө жашоого уруксат берет. Жатаканалар менен аскерлердин эс алуучу жайларында ар дайым вай-фай бар.

Журналисттер стол тенниси менен бильярд ойноого ылайыкташтырылган бардын жанынан өтүп баратышып колдоруна сыра кармаган жоокерлерди байкашты.

Кыргыз мыйзамдары погону бар адамдарга спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салаарын эстеген биз түшүнбөстүк менен Диспейнге карап калдык — ал аскерлерге күнүнө бир литр сыра, эки стакан шарап же коктейль (булар бекер эмес)ичүүгө уруксат берилээрин айтып түшүндүрдү.

Борбордо динге ишенген аскер кызматкерлери үчүн атайын курулуш бар, анда бардык конфессиядагылар өз кудайларына сыйынышат.
Борбордо динге ишенген аскер кызматкерлери үчүн атайын курулуш бар, анда бардык конфессиядагылар өз кудайларына сыйынышат.

Базада күнү-түнү иштеген төрт ашкана бар. Транзиттик жүк ташуу борборуна тамактардын көпчүлүк бөлүгүн Штаттардан алып келишет, бирок жер-жемиштер менен сууну Кыргызстандан сатып алууга аракет кылышат.

Базадагы ашканалардын бири «Ала-Тоо» деп аталат.
Базадагы ашканалардын бири «Ала-Тоо» деп аталат.

Жоокерлерге күн сайын экиден шоколад жана «Кола» сыяктуу экиден суусундук, жер-жемиштер, балмуздак жана ондогон соустар каралган. Kloop.kgнин кабарчысына тамактардын көпчүлүк бөлүгү даамсыз жана «Табаскосу» жок жегиликсиз өңдөндү.

Америкалык аскерлер атлеттүү — базада жоокерлер 13 килограммдык металл чынжырды мойундарына асынып, эч кандай кыйынчылыксыз эле күчтүү колдору менен турникке асылып көтөрүлө турган жакшы жабдылган финтес-борбор иштейт.

Аскерлер ошондой эле базада мекенинде эң жакшы көргөн оюндарда — бейсбол менен баскетбол ойношот.

Кызмат өтөп жаткандардын 20 пайыздайы — бул аялдар, аларга эч кандай жеңилдиктер берилбейт. Алар чуркап, фитнес-клубдарда машыгып, эркектердей эле оор куралдарды көтөрүшөт. Айлык маяналары да эркек жоокерлердикинен кем эмес.

Базада аялдар менен эркектер өзүнчө жатаканаларда жашашат. Бирок ажааткана аялдардыкы жана эркектердики болуп бөлүнбөйт
Базада аялдар менен эркектер өзүнчө жатаканаларда жашашат. Бирок ажааткана аялдардыкы жана эркектердики болуп бөлүнбөйт

Отундан алынган энергия

Транзиттик жүк ташуу борбору кыргыз электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларына көз каранды эмес — базадагы электр энергиясынын бардыгы дизель отуну менен генераторлор аркылуу өндүрүлөт.

Авиабаза суюк отун үчүн жылына 450 миллион доллар коротот, анын көпчүлүк бөлүгү Орусиядан алынып келинет.

Транзиттик жүк ташуу борбору суюк отун үчүн жылына жарым миллиард доллардан коротот
Транзиттик жүк ташуу борбору суюк отун үчүн жылына жарым миллиард доллардан коротот

Бирок мисалы, жүк ташуу борборундагы суутүтүктөр кадимкидей эле, ошондуктан базада кээ бир учурларда мүчүлүштүктөр болот.

Аскерлер сууну чоргодон ичишпейт, алар түшүндүрүшкөндөй, андагы суу атайын микробдорду өлтүрүүчү суу.

Ооганстандандын бычактары

Транзиттик жүк ташуу борбору аркылуу күнүнө миңден эки миңге чейинки аскер кызматкери өтөт – алар АКШ менен дагы башка 25 өлкөдөн Ооганстанга бара жаткан же тескерисинче, андан кайтып келе жаткан аскерлер, базада эң көп дегенде 72 гана саат болушат.

Алар чатырларда 30—40тан болуп жатышат, ал жакка журналисттерди киргизишкен жок. Подполковник Диспейн ал чатырлар тууралуу — кышында анда өтө суук болоорун гана айтты.

Америкалык аскерлерди тыюу салынган буюмдарды алып кала турган өз бажысы текшерет — көпчүлүк учурларда жоокерлерден эки бөтөлкө суюктук -  мисалы, шампунь же стероид сыяктуу суюктуктар алынат.

Аскерлер АКШга Түркия жана Германия аркылуу кайтышат.
Аскерлер АКШга Түркия жана Германия аркылуу кайтышат.

 Бирок бажынын кызматкери Сандра Талавера Ооганстандан кайтып келе жаткан аскерлер кээ бир учурларда бычактар менен канжарларды азембелек катары эсептеп, аларды алып өтүүгө аракет кыла тургандыктарын айтып берди. Бажыдан ал буюмдар курал катары алынат.

Жуналисттер бажыдан флоридалык аскерди жолуктурушту, ал Украинада туулган Андрей Матросов болуп чыкты. Ал англис-украин тилдеринин акцентин аралаштырып армияда 12 жылдан бери кызмат өтөп келе жатканын жана айына 6 миң доллар алааарын айтып берди. Бул сумма АКШда орточо айлык маянадан жогору деп эсептелинет.

Бажыдагы тосмонун ары жагында аскерлерге 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактты эстерине салып турган Нью-Йорктогу Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун сыныктары жайгаштырылган.

Талкаланган Эгиз-мунаралардын сыныгы.
Талкаланган Эгиз-мунаралардын сыныгы.

Автор: Зарема Султанбекова