«Бишкек Парктын» алдындагы жол 2-майда оңдолуп бүтөт

IMG_0513

«Бишкек парк» соода борборунун алдындагы жолдун асфальт төшөлмөсүн калыбына келтирүү иштери апрелдин аягында башталган, ал 2-майда толугу менен аяктайт, деп билдирди соода борбордун администрациясы. Жолду оңдоо иштери начар аба ырайына байланыштуу кечеңдеп жаткан.

Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Бишкек Парк» жаңы соода борборунун алдындагы жолду оңдоо иштери 30-апрелде башталган, деп билдирди соода борбордун администратору.

Ал жолду 2-майга карата оңдоп бүтүү пландалып жатканын айтты.

Жолдун асфальт төшөлмөсүн калыбына келтирүү менен муниципалдык «Бишкекасфальт» ишканасы алектенип жатат.

Жолду оңдоп жатышкан жумушчулар администратордун айткандарын ырасташты.

«Эртең кечинде жол даяр болот», — деп билдиришти алар.

«Бишкек парк» жаңы соода борборунун алдындагы асфальттын бузулушу Интернет колдонуучулардын көптөгөн нааразычылыктарын пайда кылган.

Өзгөчө жолдун асфальттары алынган бөлүгүнө Бишкек бийлигинин унааларга эмес жөө жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган брусчаткаларды төшөгөндүгү көптөгөн терс пикирлерди жараткан.

«Бишкек парк» Киев көчөсүнүн бир нече жериндеги асфальтты 2013-жылдын февралында алып, ордуна брусчаткаларды төшөп койгон.

Эки айдан кийин, апрелдин башында, унааларга арналбаган ал брусчаткалардын бир нечеси бүлүнүп, анда терең чуңкурлар пайда болгон.

Жолду оңдоо иштери апрелдин ортосунда эле башталышы керек болчу, бирок бийликтегилер начар аба ырайынан улам оңдоо кечиктирилип жаткандыгын билдиришкен — анда борбордо мезгил-мезгили менен жаан жаап жаткан.

«Аба ырайы нымдуу болуп турганда асфальт жатпайт, анын өзүнүн технологиясы, белгиленген бир нормалары бар», — деп түшүндүргөн анда мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева оңдоо иштеринин кечеңдегенин түшүндүрүп жатып.

Автор: Айшоола Айсаева