Күбөлөр Көлбаевдин пайдасына көрсөтмөлөрүн өзгөртүштү

IMG_0123-e1367476467315

Биринчи май райондук сотунун жыйынында төрт күбө тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүн криминал авторитети Камчы Көлбаевдин пайдасына өзгөртүштү. Дагы бир жабырлануучу Көлбаевге карата эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Жабырлануучу Сейитказы Толубаев соттун 2-майдагы жыйынында «Камчынын кишилери» тараптан басым жасалгандан кийин унаа жуучу жайын 15 миң долларга сатууга мажбур болгондугун билдирди.

Бирок ал бул айыпталып жаткан «авторитеттин» тиешеси бар дегенди билдирбестигин кошумчалады.

«Ал кезде бардыгы тең Максим Бакиев менен Камчы Көлбаевдин ысымдары менен колдонушкандай. Азыр менде Көлбаевге карата эч кандай дооматым жок», — деп билдирди жабырлануучу.

Бүгүн дагы төрт күбө — Исамедин Силеев, Бакыт Дөлөталиев, Талай Алиев жана Бакыт Исабековдор — укук коргоо органдары тараптан басым жасалгандыгын билдиришип, көрсөтмөлөрүн Көлбаевдин пайдасына өзгөртүштү.

Күбө Арсен Садыбакасов тамеки өндүрүшү менен алектенгендигин жана Көлбаевге мүмкүн болчу кардарлар менен тааныштыруу өтүнүчү менен кайрылгандыгын айтып берди.

Көлбаев Садыбакасовду бизнесмен Медер Кожахметов менен тааныштырган.

Айыптоочу тараптын версиясына ылйык, сатылган тамекинин акчасын Садыбакасов эмес Көлбаев алган, бирок күбө «авторитет» алардын ишине кийлигишпегендигин айтып жатат.

«Мен Кожахметов менен иштешкен эмесмин, аны менен сүйлөшкөн да эмесмин», — деди ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмнобаев Kloop.kgге берген маегинде мекеме Көлбаевдин иши боюнча күбө катары өтүп аткандар эмне үчүн көрсөтмөлөрүн авторитеттин пайдасына өзгөркөндүктөрүн түшүнбөй жатканын билдирди.

Осмонбаев «толук ишеним» менен тергөө күбөлөргө эч кандай басым жасабагандыгын айтты.

Саясый серепчи Марат Казакпаев күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жаткандыгынын эки себебин көрүп жатат — коррупция жана коркуу.

«Бул бизде адаттагыдай эле практика. Иш сотко жеткенден кийин бардыгы бузулат. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири экенин коомчулукта бардыгы билишет. Түрдүү факторлорду божомолдосо болот — мүмкүн коррупциядыр. Бир четинен адамдар коркуп да жатышат», — деп болжолдоду Казакпаев Kloop.kgге берген маегинде.

Дагы үч жабырлануучу соттун өткөнкү отурумунда авторитетке эч кандай дооматтары жок экенин билдиришкен. Көлбаев болсо ага карата айтылып жаткан айыптардын бардыгын тең мойнуна албай эле.

Анын жактоочусу Сергей Манукян Көлбаевге карата «криминал авторитети» жана «мыйзамдагы ууру» түшүнүктөрүнүн колдонулушуна каршы экенин журналисттерге билдирди. Айтымында, андай түшүнүктөр Кылмыш кодексинде жок.

Авторитет

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштап, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Ал 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Автор: Зарема Султанбекова