Криминал авторитети Камчы Көлбаев мурунку депутат Бактыбек Бекбоевди уурдап кеткен деп да шектелип жатат — күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, экс-депутаттын уурдалышына сот жообуна тартылып жаткан Көлбаевдин тиешеси болгон эмес.
Биринчи май райондук соту дагы төрт күбөнү — Галина Ким, Нурбек Бекбоев, Улугбек Эгимбетов жана Роза Өмүрзаковаларды суракка алды.
Галина Ким Бекбоев «уурдалган» Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы “Ак-Жол” өтмөгүндө болгон — анын айтымында, мурунку депутат жанындагы адамдар менен бирге өз каалоосу менен кеткен.
Бекбоев Кимди өз карыздарын алып берүүгө жардам сурап Көлбаевге кайрылган деп айыптады. Бирок ал жардам сурагандыгын танып жатат.
Депутаттын уулу Нурбек атасынын «уурдалгандыгынын» чоо-жайын билбестигин айтты.
Бекбоевдин юристи Эгимбетов ишкерлер Медер Кожахметов, Бактыбек Бекбоев жана Арзыбек Буркановдордун талаш-тартыштары жөнүндө айтып берди. Күбө Көлбаевдин ал талаш-тартышка кийлигишкендиги тууралуу эч нерсе айткан жок.
Өмүрзакова Бекбоев Кимге карызынын бир бөлүгүн президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча күнөөлүүлөрдүн бири катары өтүп жаткан Чынгыз Жумагулов кийлигишкенден кийин гана кайтарып бергендигин айтты.
Сот жообуна тартылып жаткан авторитеттин жактоочусу Сергей Манукян Көлбаевдин иши боюнча күбө катары 135 адам өтүп жатканын жана алардын көрсөтмөлөрү Бекбоевдин каржылык талаш-тартыштарына гана тиешелүү болгондугун айтып, судья Абдуразак Боромбаевден суракты токтотууну өтүндү.
Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбастан, кийинки отурумду 8-майга белгиледи.
Буга чейин төрт күбө укук коргоо органдары тараптан басым жасалгандыгын айтышып, тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүшкөн. Басым жасоо боюнча айтылган бул маалыматты Ички иштер министрлиги четке какты.
Криминал авторитети эпизоддордун бири боюнча да күнөөсүн мойнуна албай эле.
Көлбаев
Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштап, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.
2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.
Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.
2010-жылдагы революциядан кийин Көлбаев кайрадан кармалган, бирок кайра Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.
Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.
АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.
Автор: Зарема Султанбекова