Кыргызстандын түндүгүндө Американын майкуйгуч учагы кулап түштү [21:34тө жаңыланды]

IMG_0123-e1367476467315

Американын аскер-аба күчтөрүнүн майкуйгуч KC-135 учагы Чүй облусунун батышындагы Чалдавар айылынын түштүгүрөөк жагына кулап түштү. Экипаж мүчөлөрүнүн тагдыры дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Учак Ооганстандагы согуштук операциялар үчүн Американын аскер-аба күчтөрү тарабынан пайдаланып жаткан «Манас» аэропортундагы Жүк ташуу борборунан учуп чыккандан көп өтпөй жерге кулап түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымдарында, KC-135 асмандан жарылгандан кийин үчкө бөлүнүп, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен жагына жакын жайгашкан Чалдавар айылынын түштүгүрөөк жагына түшкөн.

Kloop.kgнин учак кулап түшкөн жерге барган кабарчылары анын сыныктары кеңири аянтка чачылгандыгын билдирип жатышат — учактын арткы бөлүгү тоо этегине түшүп, күйгөн эмес, ал эми негизги бөлүгү болсо тоого түшүп, толугу менен күйүп кеткен.

Учактын алдынкы бөлүгү тоодогу эң бийик зонага түшкөн, ал кийинчерээк куткаруучулар тарабынан табылды.

Азырынча үчөө болчу деп айтылып жаткан экипаж мүчөлөрүнүн тагдыры белгисиз болууда. КС-135 учагында катапульттоо отургучу жок.

Ал жерден Kloop.kgнин кабарчылары кан менен булганган эки байланган кур табышып, ӨКМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учак жайгашкан «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору окуяны изилдеп баштагандыктарын билдирип, пресс-релизи аркылуу учкучтардын тагдыры белгисиз бойдон калып жатканын ырастады.

Учактын негизги бөлүгү кулап түшкөн жерде учак майынын жыты жыттанып жатканын билдиришти Kloop.kgнин кабарчылары.

Кыргызстандын өкмөтү окуяны изилдөө үчүн Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов баштаган өз комиссиясын түздү.

Окуянын хроникасы жана сүрөттөр:

21:34 Корреспондент Kloop.kgнин кабарчысы Эльдияр Арыкбаев куткаруучулар тарабынан учактын алдынкы бөлүгүнүн сыныктары аянттын эң түштүк жагынан табылганын тактап жатат. Бирок учкучтардын же экипаж мүчөлөрүнүн денелери табыла элек

21:11 Биздин кабарчылар байланыш жакшы жерге кайтып келишип, учактын калдыктары түшкөн жерлерден дагы 15 сүрөт жиберишти:

IMG_6223

IMG_6226

IMG_6230

IMG_6240

IMG_6242

IMG_6250

IMG_6255

IMG_6258

IMG_6266

IMG_6268

IMG_6282

IMG_6286

IMG_6296

Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан табылган канга булганган курлар :

IMG_6343

IMG_6348

20:21 Учактын негизги бөлүгү түшкөн жерден дагы эки сүрөт:

kc-135_crash6

kc-135_crash7

20:14 Kloop.kgнин кабарчылары кан менен булганган эки байланган кур табышып, ӨКМдин кызматкерлерине беришти.

19:24 Учак учуп чыккан «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борборунан алгачкы расмий комментарий алынды.

Жүк ташуу борборунун медиа-адиси Акжибек Бейшебаеванын айтымында, азырынча учкучтардын кайсыл жерде экендиктери жана алардын статусу белгисиз,  учурда учактын кулап түшүшүнүн себептери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

19:14 Учактын негизги бөлүгү түшкөн жерден дагы сүрөттөр.

kc-135_crash4

kc-135_crash5

19:12 Учактын күйүп кеткен негизги бөлүгү түшкөн жер тосулган, сыныктарга журналисттерди жакын жолотушпай эле. Учкучтар менен экипаж мүчөлөрүнүн денелери, учактын астынкы бөлүгү табыла элек, учактын ичиндеги адамдарды так саны да белгисиз.

Куткаруучулар менен дарыгерлер учак кулаган жерден кетишпей эле.

 19:05 Учактын негизги бөлүгү кулаган жерден алгачкы сүрөттөр. Учактын арткы бөлүгү түшкөн тоо этектерине салыштырмалуу бул жердеги сыныктар толугу менен күйүп кеткен.

IMG_0123-e1367476467315

19:02 Kloop.kgнин кабарчылары учактын тулкусу кулаган тоого чыгышты.

«Мындагы сыныктардын айланасындагы жер күйгөн, майдын жыты жыттанып жатат», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысы Эльдияр Арыкбаев.

Азырынча экипаж мүчөлөрүнүн денелериндей эле учактын башкы бөлүгү да табыла элек, деп билдирди кабарчыбыз.

Андагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Kloop.kgнин кабарчысына учактын учкучтары күйүп кеткен болушу мүмкүн деп билдиришти.

Арыкбаев билдиргендей, учактын сыныктары чоң аятка чейин ыргыган, милиция менен куткаруучулар сыныктар кулап түшкөн беш негизги жерди санашты.

18:52 Kloop.kgнин кабарчысы учактын негизги бөлүгү кулап түшкөн тоону көздөй баратат. Жарылуу болгон жердин үстүндө учак учуп жүрөт, деп билдирди окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз Эльдияр Арыкбаев.

18:46 Учактын арткы бөлүгү кулаган жерден дагы сүрөттөр:

IMG_0123-e1367476467315

IMG_0123-e1367476467315IMG_0123-e1367476467315

IMG_0123-e1367476467315

18:32 ӨКМдин басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева Kloop.kgге берген маегинде учак кулап түшкөн жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов келгендигин билдирди.

18:31 Жарылуу болгон жерге баргандар Чалдавардын түштүгүрөөк жагындагы тоо этегине түшкөн учактын арткы бөлүгүн карап жатышат:

IMG_0123-e1367476467315

18:27 Учак кулаган жерде жүргөн Панфилов районунун башчысынын биринчи орун басары Канат Давлетов укук коргоо органдары америкалык Транзиттик жүк ташуу борборунун жетекчилигинин келишин күтүп жаткандыктарын айтты.

18:25 Азырынча Kloop.kgнин кабарчысы Эльдияр Арыкбаев учактын арткы бөлүгү түшкөн Чалдавар айылынын түштүгүрөөк жагындагы тоо этегинде — анын айтымында, учактын бул элементтери күйгөн эмес, авиамай менен күйүктүн жыты жок.

Учактын калган бөлүгү түштүгүрөөк жакка, тоонун арасына түшкөн, азырынча биздин кабарчы ал жакка жете элек.

18:19 Kloop.kgнин кабарчысы Эльдияр Арыкбаев учак кулап түшкөн жерден тартылган биринчи сүрөттү жиберди:

IMG_0123-e1367476467315

18:10 Учак кулаган жерге барган Kloop.kgнин кабарчысы Эльдияр Арыкбаев учактын сыныктары чын эле алыс жерлерге чейин учкандыгын ырастап жатат.

«Учак бир нече бөлүккө бөлүнгөн, азыр менен канаттарынын сыныктарын көрүп жатам. Учактын калган бөлүктөрү тоонун арасында экен», — деди ал.

17:59 Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы учак кулаган жерге барган дарыгерлер адам денелеринин бөлүктөрүн таппагандыктарын билдирди.

«Жабыр тарткандар жок, окуя болгон жерде денелердин бөлүктөрү да табылган жок», — деп жазылган пресс-релизде.

17:43 Учактын асманда жарылып үчкө бөлүнүп кеткендигин жергиликтүү тургандар ырастап жатышат — бул тууралуу окуя болгон жерге барган Kloop.kgнин кабарчысы Эльдияр Арыкбаевге күбөлөр билдиришти.

17:35 Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде учактын кулап түшкөндүгү жөнүндө аларга Панфилов районунун жашоочулары кабарлагандыктарын билдирди.

«Саат 14:56да жергиликтүү тургундардан телефондук чалуу келип түштү, алар учактын кулап түшкөндүгүн көрүшкөн. Учурда окуя болгон жер курчалган, учактын сыныктары алыс жерлерге чейин чачыраган», — деди ал.

Осмонбаев калдыктарды кароо менен ӨКМдин кызматкерлери алектенип жаткандыктарын, ал эми милиционерлер курчоодо тургандыктарын кошумчалады.

17:26 Учак кулап түшкөн жерди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери айланта курчап турушат — бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

Жарылуу болгон жерге тез жардам кызматы жетти, бирок экипаждын биринин дагы денеси табыла элек.

17:19 Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев майкуйгуч учактын кулап түшүүсү боюнча шашылыш кеңешме өткөрдү.

Сатыбалдиев учактын кулап түшүшүнүн себептери менен кырсыктын натыйжаларын изилдеп чыгуу боюнча атайын комиссия түзүүнү тапшырды — бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө.

Окуя болгон жерге тик учак менен комиссиянын төрагасы болуп дайындалган Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов учуп кетти.

17:10 Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Канат Давлетов Kloop.kgге берген маегинде учак асманда жарылып, үчкө бөлүнүп кеткенин билдирди.

«Учак асманда жарылды, ал асмандан эле үчкө бөлүнүп, күйүп жерге түшкөн [...] Анда майдын бар же жок болгондугун билбейм, бирок ал бул жерде [кулап тушкөн жерде] жакшы эле күйүп жаткан», — деди ал.

Давлетов учурда укук коргоо органдарынын жумушчулары учактын экипажын издөө иштерин жүргүзүп жаткандыктарын айтты.

16:55 Окуя болгон жерге тез жардам кызматынын эки унаасы – бири Панфилов районунан, экинчиси коңшу Жайыл районунан чыгып кетишкен, бирок алар жөнүндө маалымат жок, деп билдирип жатат Саламаттыкты сактоо министрлиги.

«Маалымат келип түшө элек, анткени окуя тоолуу жерде болгон», —  деп түшүндүрдү министрликтин басма сөз катчысы Светлана Байтикова Kloop.kgге берген маегинде.

16:42 Панфилов районунун мурунку акими Таалайбек Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде анын айылынын жогору жагынан калың булут көргөндүгүн айтты.

«Талаада иштеп жүрүшкөн райондун тургундары жарылуу асманда болуп, учак тоолордун арасына кулап түшкөнүн айтып жатышат», — деди Сыдыков.

16:23 ӨКМдин кызматкери Kloop.kgнин кабарчысына учак унаа жолдон алыс, «тоонун арасына» кулап түшкөнүн жана министрликтин ыкчам тобунун ал жерге жетүүсү үчүн бир саттай убакыт керектигин билдирди.

16:21 Аба кырсыгы болгон Панфилов районунун администрациясында кырсык боюнча эч кандай маалымат жок.

16:20 Саламаттыкты сактоо министрлиги аймактык жана Кара-Балта шаарынын ооруканалары медициналык жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди.

«Медициналык жумушчулардын бригадалык топторунун бардыгы өз жумуш орундарында. Ооруканалар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон», — деп жазылган алардын таркатмасында.

16:12 Транспорт прокуратурасынын жумушчусу учактын кулап түшкөн жерине кызматкерлери чыгып кеткенин жана азырынча эч нерсе билбестигин айтып бул боюнча комментарий бере алган жок.

16:08 ӨКМдин басма сөз кызматы азырынча каза болгодор жөнүндө эч кандай маалымат жок экенин билдирип жатат. Бирок учактын кулаган жери так аныкталган — ал Чүй облусунун Панфилов районундагы Чорголу жана Солук-Арык айылдарынын ортосуна кулап түшкөн.

ӨКМден ал «Боинг-707″ учагынын негизинде курулган майкуйгуч KC-135 учагы болгонун ырасташты  .

«Азыркы учурда учактын кулап түшүшүнүн себептерин аныктоо үчүн, ошондой эле зарылчылык болсо ликвидация кылуу үчүн КРнын ӨКМинен ыкчам топ бара жатат», — деди басма сөз кызматтын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде.

16:02 Болжолдуу маалыматтар боюнча, учактын ичинде беш киши болгон, деп билдирүүдө Борбордук азия маалыматтык кызматы.

15:57 Саламаттыкты сактоо министрлиги учак кулап түшкөн жерге эки тез жардам унаасы чыгып кеткенин билдирди.

«Учак кулап түшкөн Чалдавардан болжол менен 20 чакырым алыстыктагы жерге Панфилов жана Жайыл райондорунан эки тез жардам унаасы чыгып кетти, ошондой эле Улуттук госпиталдын сан-авиациясы даярдалды», — деп жазылган басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

15:56 Азырынча «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору окуя боюнча эч нерсе билбейт — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына Жүк ташуу борборунун басма сөз катчысы Акжибек Бейшебаева билдирди.

15:51 Твиттердин колдонуучусу BakyT учак асманда жарылгандыгын жазды:

“Майкуйгуч учак асманда жарылып, талаага кулап түштү!”, - деп жазган ал.

15:50 ӨКМ билдиргендей, учак кулап түшкөн жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Азырынча, министрликте учак Бишкектин аэропортунан чыккандаба же ал жакка бара жатканда кулап түшкөнү тууралуу маалымат жок.

15:49 Такталбаган маалыматтар боюнча, учак Казакстан менен болгон чек арага бир нече чакырым жетпей, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдавар айылынын аймагына кулап түшкөн. Бул тууралуу «Твиттер» микроблогдук платформасына Svetofor.KG жазган.

“Асмандан учак жарылып, Казакстан менен болгон чек арага бир нече чакырым жетпей, Чалдавар айлынын жанына кулап түштү. Кеңири маалыматтар такталып жатат”, - деп жазган Svetofor.KG. 

15:38 Kloop.kgнин редакциясына учактын кулап түшкөндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастады. Анын кулап түшүүсүнүн чоо-жайы азырынча белгисиз, бирок ӨКМдин маалыматы боюнча, аба кырсыгы Бишкек убактысы боюнча 14:50дө болгон.

Авторлор: Бектур ИскендерАлександра Ли жана Тилек Бейшеналиев