Ош: Атайын кызматтагылар тарабынан Кыргызстандан Орусияга маңзатын ташуу жолу буулду

Narkotiki (1)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын чек арасы аркылуу баңгизатын алып өтүү аракетин көргөн Өзбекстандын эки жараны менен бир кыргызстандык кармалды. Учурда алар тергөө абагында камакта.

Бир кыргызстандык жана эки Өзбекстандын жаранынан турган топ Орусияга баңгизат жеткирүүгө аракет кылышкан — бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, кармалгандардын жанында 3 килограмм героин болгон.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маңзатын ташыгандардын аты-жөндөрү айтылбай эле.

Бул факты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «баңгизаттардын аткезчилиги» жана «баңгизатын сатуу максатында даярдоо, сактоо жана ташуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш жана жаза кодексинде бул беренелердин бузулушу үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камалышты.

Атайын кызматтагылар 24-апрелде да үч килограмм гашиш менен Бишкек шаарынын тургунун кармашкан.

Анда УКМКнын басма сөз кызматы ал маңзаттары да Орусия менен Казакстанга жиберүү үчүн даярдалгандыгын билдирген.

Кармалган адамдын жанынан гашиштен сырткары коррупцияга каршы күрөшүүчү «АКОС» коомдук бирикмесинин төрагасынын жардамчысынын күбөлүгү табылган. Аталган бирикменин негизги миссиясы баңгитөбөлдөрүн жоопкерчиликке тартууда мамлекетке көмөктөшүү болуп саналат.

Муну менен катар өткөн айда УКМКнын өзүнүн кызматкери да баңгизаты менен кармалган — 23-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан 20 килограммдан ашык маңзаты менен атайын кызматтын өкүлү колго түшкөн.

Автор: Александра Ли