АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн учагы кулап түшкөн жерден дене бөлүктөрү табылды

IMG_6286

Бүгүн эртең менен ӨКМдин кызматкерлери тарабынан болжол менен экипаж мүчөлөрүнүн күйгөн дене бөлүктөрү табылды. Американын аскер-аба күчтөрүнүн майкуйгуч KC-135 учагы 3-май күнү күндүз Чүй облусунун батышындагы Чалдавар айылынын түштүгүрөөк жагына кулап түшкөн.

Анда канча дененин бөлүктөрү табылгандыгы азырынча белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, күйгөн дене бөлүктөрү учактын негизги тулкусу түшкөн жерден бир нече чакырым алыстыкта, анын алдынкы бөлүгү түшкөн жерден табылган.

«Азырынча канча кишинин денеси табылганы белгисиз. Алар күйүп калган бөлүктөрү гана», — деди ӨКМдин басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева Kloop.kgге берген маегинде.

Комментарий алуу үчүн учак учуп чыккан Транзиттик жүк ташуу борборунун басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Буга чейин жүк ташуу борбору кырсык боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирген.

Америка учагынын калдыктарын издөө боюнча хрониканы окуу

Американын KC-135 майкуйгуч учагы Ооганстандагы согуштук операциялар үчүн Американын аскер-аба күчтөрү тарабынан пайдаланып жаткан «Манас» аэропортундагы Жүк ташуу борборунан учуп чыккандан көп өтпөй жерге кулап түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымдарында, учак асманда жарылгандан кийин үчкө бөлүнүп, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен жагына жакын жайгашкан Чалдавар айылынын түштүгүрөөк жагына түшкөн.

Kloop.kgнин учак кулап түшкөн жерге барган кабарчылары анын сыныктары кеңири аянтка чачылгандыгын билдиришти — учактын арткы бөлүгү тоо этегине түшүп, күйгөн эмес, ал эми негизги бөлүгү болсо тоого түшүп, толугу менен күйүп кеткен.

Учактын алдынкы бөлүгү тоодогу эң бийик зонага түшкөн, ал кийинчерээк куткаруучулар тарабынан табылган.

Азырынча үчөө болчу деп айтылып жаткан экипаж мүчөлөрүнүн тагдыры белгисиз болуп жаткан . Кулап тушкөн КС-135 учагында катапульттоо отургучу жок болгон.

Ал жерден Kloop.kgнин кабарчылары кан менен булганган эки байланган кур табышып, ӨКМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учактын негизги бөлүгү кулап түшкөн жерде учак майынын жыты жыттанып жатканын билдиришти Kloop.kgнин кабарчылары.

Кыргызстандын өкмөтү окуяны изилдөө үчүн Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов баштаган өз комиссиясын түздү.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Тилек Бейшеналиев