Кулап түшкөн учактын каза болгон экипаж мүчөлөрүнүн ысымдары белгилүү болду

IMG_0123-e1367476467315
5-майдан 6-майга караган түнү АКШнын Коргоо департаменти 3-май күнү Кыргызстандын түндүгүндө кулап түшкөн KC-135 майкуйгуч учагынын үч экипаж мүчөсүнүн аты-жөнүн билдирди.

Учакта учкучтар Марк Восс менен Виктория Пикни, ошондой эле техник-сержант Герман Макилер болушкан.

Алардын бардыгы тең 3-май күнү күндүз «Манас» аэропортунан чыккан КС-135 учагынын кырсыкка учурашынан улам каза болушту деп расмий түрдө жарыяланды.

Учактын кулап түшүшүнө эмне себеп болгону дагы деле белгисиз.

«Кырсыктын себептери тергөөдө», — деп жазылган АКШнын Коргоо департаментинин пресс-релизинде.

Каза болгондор Вашингтон штатынын Фэйрчайлд шаарындагы аскер-аба күчтөрүнүн авиабазасынын асманда май алмаштыруучу 92- эскадрильясынын жоокерлери болушкан.

Капитан наамына ээ эки учкуч тең 27 жашта, техник Герман Мак 30 жашта болчу.

Виктория Пикнинин артында жолдошу жана 7 айлык уулу, а Герман Макинин — жубайы менен кызы калды.

Күбөлөрдүн айтымдарында, алар башкарып бараткан учак Кыргызстандын Чүй облусундагы Чалдыбар айылынан алыс эмес аймакта, асманда учуп баратып жарылган.

Анын сыныктары өтө чоң аянтка чачыраган, бул өз кезегинде учкучтардын денелерин издөөдө кыйынчылыктарды жараткан.

Майкуйгуч учактын алдыңкы бөлүгүнүн сыныктары бийик тоолуу жерге түшкөн, экипаж мүчөлөрүнүн дене бөлүктөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан кырсык болгон күндүн эртеси гана табылган.

Автор: Бектур Искендер