Таш көмүр шахтасы 1 млн сомдук салык төлөгөн эмес

IMG_0123-e1367476467315

Атайын кызматтагылар «Нарк-Тоо» таш көмүр ишканасы 2009-жылдан бери салык төлөбөй, мамлекетке 1 миллион сомдук чыгым алып келгенин аныктады.

«Нарк-Тоо» ишканасы таш көмүр казуу менен 2009-жылдан бери активдүү алектенип келген, бирок мамлекетке бир дагы жолу салык төлөгөн эмес — бул фактыны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын облусунун тоо кен казуу тармагындагы коррупциялык механизмдерди аныктоо иштеринин жүрүшүндө аныктаган.

Мамлекеттик салык кызматына шилтеме жасап УКМКнын басма сөз кызматы билдирген маалыматта келтирилген чыгым 1 миллион сомду түзгөндүгү жазылган.

УКМК «ишенип берилген мүлктү коротуп жиберүү же менчиктеп алуу», «жеке ишкердин салык төлөөдөн жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмүнөн качышы», ошондой эле «кызмат абалынан пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Kloop.kg «Нарк-Тоо» ишканасы менен байланыша алган жок.

Мамлекеттик геология агенттигинин сайтында ишканага лицензия 2008-жылдын башында берилгендиги көрсөтүлгөн. «Нарк-Тоонун» Нарын облусунун Жумгал районундагы көмүр кенин 2017-жылга чейин иштетүүгө укугу бар.

Автор: Зарема Султанбекова