АКШ каза болгон учкучтарды издөөдөгү жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди

kc-135_crash_10854
АКШнын Бишкектеги элчилиги Чүй облусундагы америкалык майкуйгуч учактын кулап түшкөндөгү «көпкө созулган издөө аракеттерине» көмөктөшкөндүгү үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

АКШ элчилиги Кыргызстандын өкмөтүнөн сырткары Чүй облусунун администрациясы менен жашоочуларына да ыраазычылык билдирди.

«АКШнын элчилиги кырсык болгон Чүй облусунун жашоочулары менен расмий өкүлдөрүнүн колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирет», — деп жазылган элчиликтин  пресс-релизинде.

АКШнын элчилиги үч киши көз жумган авиакырсык боюнча алгачкы билдирүүсүндө каза болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айткан.

Американын аскер-аба күчтөрүнүн KC-135 майкуйгуч учагы 3-май күнү, Ооганстандагы согуштук операциялар үчүн пайдаланып жаткан «Манас» аэропортундагы Жүк ташуу борборунан учуп чыккандан көп өтпөй Кыргызстандын түндүгүндө жерге кулап түшкөн.

Эки учкучтан жана бир техник кызматкерден турган экипаждын бардык мүчөлөрү тең каза болушкан.

Учак асманда эле жарылып, анын сыныктары ири аянтка чачырап кеткен, бул өз кезегинде экипаж мүчөлөрүнүн денелерин издөө иштерин бир кыйла оорлоткон.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каза болгон учкучтардын дене бөлүктөрүн кырсыктын эртеси гана табышкан.

Ал арада Бишкекте 15тей активист өлкөдө америка аскерлеринин болушуна каршылыктарын билдиришип акция өткөрүштү.

Өзүн «Жон эле» деп атаган топтун пикиринде, «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору «Кыргызстандын элинин коопсуздугуна» коркунуч туудурат.

«Учактын кулап түшүшү буга далил. Эмки учак келип Бишкекке түшпөйт деп ким кепилдик берет?» — деп суроо салды кыймылдын лидери Атай Бейшенбек уулу.

Бирок бул акцияны бардыгы эле колдой беришкен жок.

«А эгер жарандык учак түшсөчү? Логика каякта — түшүнүксүз. [...] Адамдардын каза болушунун эсебинен өзүн пиар кылуу — ТӨМӨНДҮК!» — деп эсептейт Кыргызстандагы популярдуу «деп эсептейт Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунун  Alexei aka HappyAlex деген ат менен катталган колдонуучусу.

Автор: Бектур Искендер