Аламүдүн райондук соту камактагы келинди сабаган деп айыпталып жаткан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын майорун актады. Жабырлануучу тарап өкүмдү мыйзамсыз деп эсептеп, чечим боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылды.
Камактагы Зуура Атабаева аны Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын майору Максат Жекшенов 2012-жылдын сентябрында, Бишкектен алыс эмес жайгашкан Молдовановка айылындагы №48 түзөтүү абагында сабагандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылууда.
Укук коргоочу «Эркиндик үнү» порталынын билдирүүсү боюнча, Аламүдүн райондук соту камактагы келиндин сабалгандыгын көргөн күбөлөрдүн жоктугунан улам Жекшеновду актап чыккан.
«Кылым шамы» адам укуктарын коргоо борбору Жекшенов алгач Атабаеваны тамак жасоого мажбурлагандыгын, ал эми 23-сентябрь күнү мас болуп келип, аны «тепкилеп», чачын жулгандыгын билдирүүдө.
«Андан кийин офицер келинди бир нече саатка эреже бузгандарды алып бара турган айып изоляторуна камап салган», — деп билдиришти укук коргоочулар.
«Эркиндик үнү» порталындагы маалыматка ылайык, «сабоодон» кийин «Кылым шамы» борборунун башчысы Азиза Абдирасулова абакка барып, келиндин тизеси, чыканактары сыйрылып көгөргөндүгүн көрүп, айып изоляторунан анын бир тутам чачын тапкан.
Жаза аткаруу кызматы бул боюнча жеке тергөө жүргүзүп, Жекшеновду ички нормаларды бузган деп таап, аны жумушунан алган.
Бирок буга карабастан Аламүдүн райондук соту абактын кызматкеринин пайдасына чечим чыгарды.
Атабаеванын жактоочусу Аламүдүн райондук сотунун бул чечими менен макул болбой, чечим боюнча Чүй облустук сотуна даттанды.
«Соттун чечими боюнча, Атабаева өз чачын өзү жулгандай болуп калууда», — деп жазган «Эркиндик үнү» порталы келиндин жактоочусунун айткандарын.
Адистештирилген прокуратуранын өкүлү Шайлообек Айтмамбетов аларга кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзгөн мекеменин кызматкерин жумуштан алууга туура келгенин укук коргоочуларга билдирген.
Автор: Зарема Султанбекова