Кажы-Сай: Заводдун жумушчулары кантип мейман үйлөрүнүн ээлери болуп калышкан?

IMG_0123-e1367476467315

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сай кыштагы СССР кулаганга чейин уран казып алуу менен жана электротехникалык заводдун эсебинен күн көрүп келген. Бүгүнкү күндө заводдун мурунку жумушчуларынын кээ бирлери бизнесмен болуп калышкан алар үйлөрүн туристтерге ижарага беришип, экскурсия өткөрүшөт.

Электротехникалык заводдун мурунку инженери Евгений Воробьев менен жубайы Вера бүгүнкү күндө эс алуучуларды өз мейман үйүндө кабыл алып, аларды кыштакты курчап турган өзгөчө бир кызыл тоолорго экскурсияга алып баруу менен акча табышат.

90-жылдары алар иштеген заводдо кадрларды кыскартуулар болуп, кийинчерээк такыр эле иштебей калганда Евгений менен Вера туристтик бизнес менен алектенүүгө чейин бир нече кесип алмаштырышкан.

Евгений түстүү металл алып-сатып, сыналгыларды оңдоо менен алектенген — ал кездерде ал кызматтары үчүн көпчүлүк учурларда кой алган.

«Анткени анда элде акча жок болуп, койлор көп болчу. Эгер оңдоо кыйын болсо — мисалы лампасын алмаштыруу керек болсо — анда мал короого кирип семиз койду тандап алчусуң», — деп эскерет ал.

Вера болсо завод жабылгандан кийин Ысык-Көлдүн пансионаттары үчүн кондитер азыктарын жасаган.

Бирок кайсы бир күнү алар азыктарды пансионатка саткандан көрө, эс алуучуларга өз алдынча кызмат көрсөтүү пайдалуураак болот деген чечимге келишкен. Алар 8 миң сом чогултушуп, 90-жылдардын аягында кафе катары бир имаратты ижарага алышкан.

«Ал терезелери сынган, каралбай калган имарат болчу. Биз аны сурадык, ээси макул болду. Ал: Мага эч нерсенин кереги жок, жылына бир жолу досторумду алып келип турам, ошондо банкет өткөрүү керек болот, мага башка эч нерсе кереги жок, деди. Анан ушул шарт боюнча макулдашканбыз», — дейт Воробьев ал күндөрдү эскерип.

Кайсы бир кездери Воробьёв сыналгы оңдоп, акысына кой алып турган.
Кайсы бир кездери Воробьёв сыналгы оңдоп, акысына кой алып турган.

2002-жылы Воробьёвдорго мейман үйүн ачуу идеясы келген — бул идеяны алардын кафесинде отурган эс алуучулар өздөрү сунушташкан.

«Биз бир жолу киргиздик. Алар аз болсо да акча төлөштү. Экинчи жолу киргиздик — анда да төлөштү. Анан мурунку бизнесибиз менен бирге бул иш менен да акча тапса эмнеге болбосун деген ойго келдик. Ошентип алгач 3-4 орун менен эле баштаганбыз. Биринчи сезондо биздикинде 15 киши эс алды. Кийинки жылы алар дагы 15 кишини ала келишти», — дейт Воробьев.

Жубайлар 2004-жылы өз мейман үйүнүн сайтын ачышкан, бул өз кезегинде эс алуучулардын санын көбөйткөн.

Бүгүнкү күндө Воробьевдордун мейман үйү 24 кишиге ылайыкташтырылган. Негизинен сезондо алардыкында 160тай киши эс алып кетет. Андагы бир күндүк жашоонун орточо баасы бир киши үчүн — 800 сомду түзөт. Кардарларынын негизги бөлүгү Россия менен Казакстандын келген эс алуучулар.

Жабык кыштак

Кажы-Сайдын тарыхы кыштактын четинде алгачкы жолу уран кени табылган 1947-жылдан бери отчет жүргүзүп келет.

13 жылдан кийин кирешесинин аздыгынан жана жумушчулардын ден соолуктарына зыян келтирүү коркунучунун жогору болгондугунан улам уран казып алуу иштери токтотулган. Уран заводунун багыты өзгөртүлүп, анда жергиликтүү жашоочулар эмгектенишкен эксперименталдык электротехникалык завод иштеп баштаган.

СССР кулагандан кийин Кажы-Сайдын жашоочуларынын көбү кыштакты таштап кетишкен
СССР кулагандан кийин Кажы-Сайдын жашоочуларынын көбү кыштакты таштап кетишкен

Аны менен катар Кажы-Сайда көмүр кени иштетилчү — ал жалпы облус боюнча көмүр казуунун көлөмүнүн дээрлик үчтөн бирин түзүп турган.

Советтер Союзу кулагандан кийин заводдун өндүрүмү сатып өткөрүү рыногун жоготуп, чыгымдуу уран шахталары толугу менен жабылган.

Кайсы бир кездери Советтик Кыргызстандагы эң калк жыш жайгашкан шаар тибиндеги Кажы-Сай кыштагы өзүнүн 11 миңдик калкынын көпчүлүк бөлүгүн жоготту. Бүгүн анда 3,5 миң гана киши жашайт.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, электротехникалык заводдо кыштактын жашоочуларынын үчтөн бири иштечү. Заводдун бүтүн калган имаратында азыркыга чейин жумушчулардын анча чоң эмес штаты иштейт.Алар диоддорду өндүрүп, дары чөптөрдөн медициналык азыктарды таңып даярдашат.

Өткөн жылы парламенттин токтому менен Кажы-Сайдын шаар тибиндеги кыштак статусу айыл статусуна өзгөртүлгөн. Акыркы кездери кыштакты «унутулган» деп, ал эмес «өлгөн» деп да тез-тез айта башташкан.

Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан Кажы-Сай жакын жайгашкан Ысык-Көл көлүнүн аркасы менен анда жанданып баштаган жаңы иштин шарттарына көнө баштагандай.

Бүгүнкү күндө кыштакта жыйырмадан ашык мейман үчүн иштейт, бирок алардын бардыгы тең эле жергиликтүү жашоочуларга тиешелүү эмес — кээ бирлерин Бишкектин тургундары ачышкан.

Бул совет мезгилиндеги көрүнүшкө карама-каршы келет. Анда кыштак көлгө жакын жайгашкандыгынан пайдаланып, курорттук зонага кире алган эмес, анткени өзүнүн статусунан улам ал СССРдин жарандары үчүн да жабык болгон.

IMG_0123-e1367476467315
Веб-сайт Кажы-Сайдагы мейман үйү үчүн таң калаарлык деле болбой калган.

 Радиациядан коркушат

Кыштакта 25 жылдан бери жашап келе жаткан Нуржан Кожокматова зоводдо иштебесе да Союздун кулашы менен жумушсуз калган.

Ал бала бакчалардын биринде тарбиячы болчу. Заводдун жабылышы менен адамдардын көбү кыштактан чыгып кетишип, тарбиялоого эч ким калбай калган.

«Жумуш жок болуп үйдө отуруп калганбыз, жегенге эч нерсе жок калган. Үй эмеректерин сатканбыз», — деп эскерет ал.

Кожокматова да Воробьевдор сыяктуу эле мейман үйүн иштетет — анын эң биринчи кардары – ал 1997-жылы үй кызматкери болуп иштеген пансионаттын эс алуучусу болгон.

«Ал аял келип, бир түн түнөш үчүн үйүмө арзаныраак кое берүүмдү өтүндү. Мен киргиздим — күнүнө 30 сомдон берди. Анан ушинтип эс алуучуларды кабыл алып иштеп баштадым», — дейт ал.

Кожокматова кийики жылы конокторду кабыл алуу үчүн өз үйүнөн атайын бир бөлмө бөлүп, эс алуучулар үчүн керебеттер менен дивандарды сатып алган. Бүгүнкү күндө ал Кажы-Сайда бир жарым айга чейин созулган бир туристтик сезондо 100 миң сомдон ашык акча иштеп табат.

Кажы-Сайда бул сыяктуу талкаланган жайлар менен имараттар дагы көп…
Кажы-Сайда бул сыяктуу талкаланган жайлар менен имараттар дагы көп…
…өткөнкү советтик доорду эске салуу…
…өткөнкү советтик доорду эске салуу…
…бирок жергиликтүү жашоочулар туризм тармагын өздөштүрүп алышкан...
…бирок жергиликтүү жашоочулар туризм тармагын өздөштүрүп алышкан...

Кожокматова аймактагы радиоактивдүүлүктүн жогору экендиги тууралуу айтылган «жалган» маалыматтар туристтерди оолактатып жаткандыгын айтып, даттанды — айтымында, кыргызстандыктар да уран кендеринин калдыктарынан коркушат.

«Эс алуучулар келип, бизде радиациянын бар-жоктугу жөнүндө сурашат. Көпчүлүгү келгенден коркушат», — деди ал.

Воробьевдор да кайсы бир кездерде радиоактивдүүлүк жогору болгон деген маалыматтар потенциалдуу эс алуучуларды чочутуп жатат деген пикирлер менен макул.

Бирок, алардын айтымдарында, айылда радиоактивдүүлүктүн деңгээли «нормалдуу» эле — радиоактивдүүлүктүн бир аз жогорку көрсөткүчү заводдун өзүндө гана байкалат.

Воробьёвдор дагы, Кожокматовдор дагы адамдардын Кажы-Сайдан массалык түрдө кетишин көрүп, кыйынчылыктарды өз баштарынан өткөрүшкөн. Бүгүнкү күндө алардын өз туулган айылын таштап кетүү ойлору жок.

Аны менен катар Воробьёвдордо азырынча эч ким менен бөлүшкүсү келбеген бизнесин кеңейтүү боюнча ойлору бар.

«Кокустан атаандаштар билим калсачы», — дейт тамашалап мурунку инженер Евгений.

Автор: Алексей Ким

Сүрөттүн авторлору: Искен Сыдыков жана Света Зеленская