Экс-депутат Бактыбек Бекбоев өзүнүн уурдалгандыгы тууралуу маалыматты «каржы көйгөйлөрүн чечүү» үчүн тараткан — бул тууралуу сотто Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурунку кызматкери билдирди. Эл өкүлүн уурдоону уюштурган деп криминал авторитети Камчы Көлбаев айыпталып жатат.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурунку кызматкери Азиз Нурмаматов Биринчи май райондук сотунун отурумунда ага Бекбоевдин уурдалгандыгы тууралуу 2010-жылы билдиришкендигин айтып берди.
Нурмаматов Бекбоев менен байланышкан – депутат аны Казакстан менен болгон чек арадагы «Ак-Жол» өтмөгүнөн уурдашып, Ысык-Көлгө алып барып 200 миң АКШ долларын талап кылгандыктарын айтып, далилдөөгө аракет кылган.
Нурмаматов Бекбоевди уурдалгандыгы боюнча арыз жазууга көндүрүүгө аракет кылган, бирок депутат анын арызы коргоо министринин атына жазылышы керектигин талап кылган.
Милиционер арыз жазуудан депутаттын өзү баш тарткандыктан Бекбоевдин уурдалгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөндө эч кандай чара көрбөгөндүгүн айтты.
Кийинчерээк Бекбоев Нурмаматовго аны эч ким уурдабагандыгын жана эч ким акча талап кылбагандыгын билдирген.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурунку кызматкери Бекбоев аны уурдап кеткенден кийин кайсыл жерде кармап тургандыктарын да көрсөтө албагандыгын айтты.
«Анын кайсы бир материалдык көйгөйлөрүн биз аркылуу чечкиси келгендигин түшүндүм», — деди Нурмаматов.
Буга чейин Көлбаевдин иши боюнча жабырлануучу катары өтүп жаткан Бекбоев авторитетке карата эч кандай дооматы жок экенин билдирген.
Бирок айыптоочу тараптын версиясы боюнча, дал Көлбаев ага депутаттын бизнес боюнча өнөктөштөрү Кожахметов менен Буркановдор кайрылышкандан кийин Бекбоевди уурдоону уюштурган.
Судья Абдуразак Боромбаев ишкерлердин келишимдери тууралуу айтып берген дагы бир нече күбөнү суракка алган.
Көлбаев эпизоддордун бири боюнча да күнөөлөрүн мойнуна албай эле.
Соттун кийинки отуруму 14-майга белгиленди, анда иштин материалдары текшерилет.
Авторитет
Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштап, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.
2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.
Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.
2010-жылдагы революциядан кийин Көлбаев кайрадан кармалган, бирок кайра Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.
Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.
АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.
Автор: Зарема Султанбекова