АКШ Максим Бакиевге каршы козголгон ишти токтотту

Maksim-Bakiev2

АКШнын прокуратурасы Максим Бакиевге каршы каржы алдамчылыктары боюнча козголгон кылмыш ишин жапты, деп билдирди «Блумберг» бизнес-порталы. Мындан улам Улуу Британиянын сотунда Кыргызстандын мурунку президентин АКШга өткөрүп берүү боюнча маселенин каралышы токтотулат.

«Блумберге» Бакиевдин ишинин жабылгандыгы жөнүндө АКШнын прокурорунун басма сөз катчысы Роберт Нардоса билдирген. Ал бул чечимдин себептерин түшүндүрүп айткан эмес.

«Баалуу кагаздар менен алдамчылык кылгандыгы» жана «сот акыйкаттыгына тоскоолдук кылгандыгы» боюнча америка сотунун алдында жооп бериш үчүн Максим Бакиевдин Улуу Британиядан АКШга өткөрүлүп берилиши күтүлүп жаткан.

Британиянын падышалык прокуратурасынын басма сөз катчысы Тим МакАтакнинин «Блумберге» билдиришинче,  өткөрүп берүү маселеси боюнча сот 13-май белгиленип, ал Лондондо өтүшү керек болгон. Ал белгилегендей, эми соттун зарылчылыгы деле жок.

Бакиевдин Улуу Британиядагы жактоочусу Майкл О’Кейн комментарий берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандын башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев эс алуу күндөрү болуп жаткандыктан бул боюнча маалыматы жоктугун жана 13-майда комментарий берээрин Kloop.kgге айтты.

Кыргызстан да Бакиевди өткөрүп алууга аракеттенүүсүн улантып жатат, бирок башка себептер менен — ал мекенинде атасы президент болуп турган маалда бир нече оор кылмыштарды кылган деп айыпталып жатат.

Максимдин кармалышы

Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин мурунку жетекчиси Максим Бакиев Лондондо 12-октябрда кармалган. Би-би-синин орус кызматынын маалыматы боюнча, аны ал жашап турган Белгравия районунун полиция бөлүмүнө чакырып, анда камакка алышкан.

«Максим Бакиев 2003-жылкы өткөрүп берүү тууралуу актынын негизинде түзүлгөн ордер боюнча кармалды. Аны алдамчылык кылуу жана 2010-2012-жылдар аралыгында АКШнын сот акыйкаттыгына тоскоол кылган деп күнөөлөп жатышат», – деп билдирген Белгравия полициясы өткөн жылы.

Ал баалуу кагаздар менен алдамчылыктарды жасаган деп шектелип жатат — тергөөнүн болжолдуу версиясы боюнча, Максим Бакиев АКШнын мыйзамдары менен тыюу салынган инсайдерлик маалыматтардын негизинде каржы келишимдерин түзгөн.

Камакка алынгандан кийин көп өтпөй эле Максим биринчи инстанциядагы сот жыйынына катышкан, анда аны камактан күрөөгө бошотуу чечими чыгарылган.

Президенттин уулу

Максим Бакиев – Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу

Атасы өлкө башчысы болуп турганда Максим Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеген.

2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Максим Бакиевге каршы кылмыш иши козголгон.

Ал кызмат абалынан пайдаланып кылмышка катышкан, мамлекеттик насыяны максатсыз пайдаланып, мыйзамсыз алынган акча каражаттын легалдаштырган жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталып жатат. Максим 7-апрель окуясы боюнча соттук процессте күнөөлүү катары сырттан өтүп жатат.

2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал «Фарнборо» аэропортуна ижарага алган жеке учагы менен келип конгондо чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Кийинчерээк мурунку президенттин уулу өмүрү үчүн чочулап Улуу Британиядан саясий башпаанек сурагандан кийин ага Улуу Британиянын аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

Автор: Зарема Султанбекова