АФК президентинин кубогу: «Дордой» 9-0 «Йидзин»

AFCPresCupLogo

Бишкектин «Дордой» клубу АФК президентинин кубогунун топтук беттештеринин экинчи айлампасында Бутандын чемпиону болуп эсептелген «Йидзинди» эч кыйынчылыксыз эле жеңип алдыКыргызстандын командасы тогуз жоопсуз топ киргизди.

Чабуулчу Мирлан Мурзаев бутандыктарга беш гол киргизип, мелдештин турнирдин эң жыйынтыктуу оюнчусу болуп калды.

Ал беттештин алгачкы көз ирмемдеринде эле чабуулдарын баштап, тогузунчу мүнөттө оюн эсебин ачууга жетишти.

Кыргызстандыктардын артыкчылыгын Турсунали Рустамов 30-мүнөттө арттырса, Мурзаев 41-мүнөттө эсепти 3:0гө жеткирди.

Беттештин экинчи жарым бөлүгү «Дордойдун» жана 50-мүнөттө дагы бир гол киргизген Мурзаевдин үстөмдүгү астында өттү. Төрт мүнөттөн кийин Ислам Шамшиев өзгөчөлөнсө, 62-мүнөттө Сергей Калеутин эсепти 6:0гө чейин жеткирди.

Айласы кеткен Бутан командасы дарбазачысын алмаштырды, бирок  «Йидзиндин» оюнчуларына бул дагы жардам бере алган жок.

Беттештин аягына чейин «Дордой» дагы үч гол киргизди  — 72чи жана 80-мүнөттөрдө Мурзаев өзгөчөлөнсө, 84-мүнөттө Рустамов беттештеги экинчи голун киргизди.

В тобунун башка оюнунда пакистандык КРЛ клубу Филиппиндин чемпиону «Глобалды» жеңип алды.

Мелдештин биринчи айлампасында «Дордой» менен КРЛ тең чыкканын, а «Глобал» «Йидзиндин» үстүнөн жеңишке жеткенин эске алганда бул айлампадан кийин Кыргызстан менен Пакистандын командалары мелдештин финалдык бөлүгүндө ойноого мүмкүндүк бере турган алдыңкы эки позицияга чыгышты.

Бардык оюндары Филиппиндин Себу шаарында өтүп жаткан топтун акыркы айлампасында  «Дордой» «Глобал» менен, а КРЛ — «Йидзин» менен кез келишет.

Сентябрда боло турган мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүшү үчүн «Дордойго» тең чыгуу эле жетиштүү болот.

АФК президентинин кубогу – Азиянын эң төмөнкү рейтингдеги өлкөлөрүнүн чемпиондорунун арасында өткөрүлө турган мелдеш. Анда «Дордой» эки жолу кубокту жеңип алган — 2006чы жана 2007-жылдары.

Бишкектик клуб быйылкы мелдеште фоворит болуп эсептелет – өзгөчө кыргыз клубдарынын негизги атаандашы болуп келген Тажикстандын чемпиондору беделдүүрөк, АФК кубогунда ойноп баштагандан бери.

Автор: Бектур Искендер