Бишкектин борборунда белгисиз адамдар укук коргоочуну сабап кетишти

IMG_0123-e1367476467315

Белгисиз адамдар тарабынан Бишкектин борборунда укук коргоочу Улугбек Азимов менен анын жакындарына кол салуу болду - анын жыйынтыгында укук коргоочунун баш сөөгү чайкалып, буту сынды. Азырынча бул окуянын анын профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуулугу аныктала элек, кол салгандар кармалышкан жок.

Окуя 9-май күнү кечинде, Азимов үй-бүлөсү менен бирге тоодон эс алып келе жатканда Бишкектин борборунда болгон.

Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен БМВ үлгүсүндөгү унаа Азимовдун унаасынын жолун бууп токтогон.

Чырдын эмнеден башталгандыгы так белгисиз, бирок унаадагылар Азимовду, анын бир тууганын жана уулун сабап, жакындарына болушуу үчүн барган жубайын да катуу түртүп жиберишкен.

Бул маалыматты Азимовдун өтүнүчү менен окуя болгон жерге барган анын кесиптеши Азиза Абдирасулова ырастады.

«Мен ал жакка барганда анын катуу сабалганын көрдүм. Ал бир бутуна тура албай, аны жөлөп-таяп, көтөрүп жүрүшкөн», — деп билдирди Абдирасулова Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, кол салган топ алты кишиден турган, бирок азырынча бул маалымат ырастала элек.

Азыркыга чейин алардын бири дагы табыла элек. Кол салгандардын бардыгы тең күмүш түстүү БМВда болгон-болбогондугу да түшүнүксүз.

Шаардык 4-ооруканадан Азимовдун баш сөөгү чайкалып, буту сынгандыгы аныкталган. Анын бир тууганы менен уулунун да баш сөөктөрү чайкалган.

Укук коргоочу Дмитрий Кабак да Азимовдун «катуу» сабалгандыгын ырастады.

«Улугбектин бир нече сөөгү ордунан тайып, оң бутунда сыныгы бар экендиги аныкталды», — деди Кабак.

Себептери белгисиз

Укук коргоочу кол салуу боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган. Бул боюнча экспертиза жургүзүлдү.

Ошол эле маалда окуянын себептери аныктала элек. Азиза Абдирасулова кол салуу Азимовдун ишмердүүлүгүнө, же анын улутуна байланшытуу болгон болушу мүмкүн деп эсептейт — Азимов улуту боюнча этникалык өзбек.

«Мен көбүнчө кол салуу анын укук коргоочулук ишмердүүлугүнө байланыштуу деп эсептөөгө макул болгону турам. Ошондой эле мен муну анын улутуна байланыштырып жатам, анткени ал гана сабалган эмес. Анын уулу, бир тууганы, ал эмес жубайы да жабыркаган», — деди Абдирасулова Kloop.kgге берген маегинде.

Азимов укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы күрөшү менен белгилүү. Ал учурда үйүндө, маалымат каражаттары менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Карима Омункулова Свердлов РИИБси тарабынан «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Тергөө укук коргоочуга кол салган адамдардын кимдер экендигин аныктоого аракет кылып жатышат, деди ал.

Кыргызстандагы этникалык өзбек болуп эсептелген коомдук ишмерлер кол салууга дуушар болуп жаткандыктарына укук коргоочу «Фридом Хаус» уюму биринчи жолу көңүл бурбай эле.

«Өткөн жылдын декабрында Шохрух Саипов деген өзбек улутундагы укук коргоочунун өзбекче сүйлөгөнүн уккан кыргыз кишилер ага кол салышкан», — деп жазылган уюмдун Азимовго болгон кол салуу боюнча басып чыгарган билдирүүсүндө.

«Дагы деле Кыргызстандын түштүгүндө өзбек улутундагы укук коргоочулар менен журналисттерге басым жасоолор болуп жаткандыгы жөнүндө билдирүүлөр келип түшүүдө», — деп жазган «Фридом Хаус».

Автор: Алексей Ким