«Дордой» АФК президентинин кубогунун финалдык бөлүгүнө өттү

AFCPresCupLogo

Филиппиндин «Глобал» клубун 6:1 эсебинде утуп, футбол боюнча Кыргызстандын чемпион клубу «Дордой» үстүбүздөгү жылдын сентябрында өтө турган АФК президентинин кубогунун финалдык бөлүгүнө өттү.

Кыргыз клубунун «Глобал» менен болгон беттеши топтук беттештердин жыйынтыктоочу оюну болду - мелдештин кийинки айлампасына өтүү үчүн «Дордойго» тең чыгуу эле жетиштүү болмок.

Сергей Дворянковдун оюнчулары үчүн беттеш өтө деле жакшы башталган жок — «Глобал» клубу өзүнүн Филиппиндин Себу шаарында жайгашкан футбол талаасындагы көп сандаган күйөрмандарынын коштоосунда, чабуулчу Мартинес де Мурганын аракети менен оюн эсебин 9-мүнөттө эле ачышты.

Бирок жергиликтүү клубдун күйөрмандарынын кубанычтары көпкө созулган жок — бул мелдештеги «Дордойдун» эң көп гол жараткан чабуулчусу Мирлан Мурзаев беш мүнөттөн кийин эле оюн эсебин теңеди.

А 25-мүнөттө болсо Мурзаев командасын алдыга чыгарды.

Беттештин экинчи жарым бөлүгүндө «Дордой» үстөмдүк кылуусун улантып, Мурзаев дагы эки жолу — 55чи жана 64-мүнөттөрдө өзгөчөлөнүүгө жетишти.

77-мүнөттө жаңы гана алмашууга чыккан Ислам Шамиев «Глобалдын» дарбазасына дагы бир гол киргизди.

Ал эми кошумча мүнөттө Дэвид Тетте эсепти 6:1ге жеткирип, беттешти жыйынтыктады.

В тобундагы «Дордойдун» негизги атаандашы  — пакистандык КРЛ клубу — ошол эле күнкү башка оюнда Бутандын «Йидзин» клубун 8:0 эсебинде утту.

Топтук беттештердин жыйынтыгында «Дордой» менен КРЛ 7 упайдан алышты, бирок киргизген жана кое берген топтордун айырмачылыктары боюнча Кыргызстандын клубу өз тобунда биринчи орунга ээ болду.

Мурзаев мелдештин бомбардирлеринин эсебинде эң алдыга чыкты — буга чейинки«Йидзинге» каршы болгон оюнда ал беш гол киргизген жана жалпы эсептеги 9 голу менен пакистандык көп гол киргизген Калимуллдан 4 голго ашып бара жатат.

АФК президентинин кубогу – Азиянын эң төмөнкү рейтингдеги өлкөлөрүнүн чемпиондорунун арасында жыл сайын өткөрүлө турган мелдеш. Анын топтук айлампасында үч топко төрт-төрт командадан бөлүштүрүгөн 12 клуб катышты.

Мелдештин сентябрда боло турган финалдык бөлүгүнө өз топторунда алдынкы эки орунга ээ болгон командалар өтүштү.

АФК президентинин 2013-жылкы кубогунун финалдык бөлүгүнүн катышуучуларынын тизмеси:

  • «Дордой» (Кыргызстан)
  • «Эрчим» (Монголия)
  • «Три Стар Клаб» (Непал)
  • КРЛ (Пакистан)
  • «Хилал Аль-Кудс» (Палестина)
  • «Балкан» (Түркмөнстан)

Финалда клубдар үч-үчтөн болуп эки топко бөлүштүрүлөт, андан соң топтун жеңүүчүлөрү биринчи орун үчүн кез келишет.

Азырынча мелдештин финалдык бөлүгү өткөрүлө турган жер айтыла элек.

Бул мелдешти «Дордой» эки жолу жеңип алган — 2006чы жана 2007-жылдары.

Автор: Бектур Искендер