Кытай кассачысынын 7 млн сомун тоногон адамдар кармалышты

Alty-nken

«Алтын-Кен» алтын иштетүү кампаниясынын кытай кассачысынан 7 миллион сом алып качкан адамдар окуя болгондон төрт күн өткөндөн кийин колго түшүштү. Алынган акчалар ээсине кайтарылып берилет.

10-майда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «Алтын-Кен» алтын иштетүүчү компаниясынын кассачысын тоногон адамдар кармалды.

Алардан уурдалган 7 миллион сомдун 5,5 миллиону табылган — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Карима Омункулова билдирди.

Алынган акчалар ээсине кайтарылып берилет, деп белгиледи Омункулова.

Ал билдиргендей, тоноочулар Бишкектин 22 жаштан 29 жашка чейинки курактагы жашоочулары болуп чыккан.

  • 22 жаштагы Р. Асандан 130 миң сом жана 20 миң доллар,
  • 24-жаштагы А. Мелисбектен 267 миң 440 сом жана 9 миң доллар,
  • 25 жаштагы Ш. Жанатбектен 394 миң сом жана 20 миң доллар,
  • 27 жаштагы К. Рустамдан 355 миң сом жана 20 миң доллар,
  • 29 жаштагы Б. Жакшылыктан 300 миң сом жана 20 миң доллар алынды.

Акчалар санкцияланган тинтүүнүн жүрүшүндө табылып, алынган. Азыр кармалгандардын бардыгы тең убактылуу кармоочу жайда камакта.

Кармалган Жакшылык аттуу жаран акчаны Ысык-Көлдүн жээгине катып койгон, ал аларды шектүү катары милицияда сурак берип жатканда кайтарып берди. А кармалган Жанатбектин батирин издөөдө акча табылган эмес, акчаны милицияга кийинчерээк анын ата-энеси алып келип беришти, деп билдиришти ШИИБден.

Кассачынын тонолушу

Карактоо 6-май күнү кечинде, кыргыз-кытай «Алтынкен» компаниясынын кызматкерлеринин жолугушуусу маалында Горький көчөсүндөгү  «Лия» кафесинде болгон.

Компаниянын кассачысын белгисиз үч адам, алгач полго тапанча менен ок атып, анан тоноп кетишкен.

«Алтынкендин» кызматкерлеринин жолугушуусунда кассачыдан сырткары дагы алты киши бар болгон, алардын бардыгы тең Кытайдын жарандары болушкан.

Алар карактоого тоскоол кылууга аракеттенишкен, бирок Омункулованын айтымында, кол салгандар дагы бир жолу ок атышып, белгисиз тарапты көздөй качып кетишкен.

Аты-жөнү айтылбаган кассачы Бишкекке 100 миң АКШ доллар (4,7 миң сом) жана 2,4 миллиондук компаниянын кызматкерлеринин эмгек акысын алуу үчүн келген.Милициянын маалыматы боюнча, кылмыш жасалган жерден болжолдуу түрдө травматикалык тапанчанын бир гильзасы алынган.

«Талоончулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Экспертиза белгиленип, тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Жергиликтүү калк менен болгон чыр-чатактар

«Алтынкен» компаниясы Чүй облусунун Орловка айылында жайгашкан алтын өндүрүүчү заводду иштетет.

Компаниянын акцияларынын 40 пайызы «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасына, калган 60 пайызы Кытайдын «Суперб Пасифик Лтд.» компаниясына тиешелүү.

«Алтынкен» чыр-чатактын борборунда бир нече жолу болгон. 2012-жылдын июлунда Орловка айылы жайгашкан Кемин районунун жашоочулары жергиликтүү тургундардан жумушчу орундарын тартып алган мыйзамсыз иштеп жаткан кытай жумушчуларына каршы митинг өткөрүшкөн.

Анда «Алтынкендин» жетекчилиги мыйзамсыз жумушчу күчүн пайдаланып жаткандыгы тууралуу айтылган билдирүүлөрдү четке кагып, заводдогу жумушчулардын көбү жергиликтүү жашоочулар экенин билдирген.

Үч айдан кийин «Алтынкен» компаниясынын трактору Орловка айылынын жашоочусунун жылкысын сүзүп кеткен соң кытайлык жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан.

Автор: Алексей Ким