29-апрелде Биринчи май райондук соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Үмүткан Тыналиеваны 2012-жылдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнөөлү деп таап, 150 миң сомдук айыпка жыкты.
Райондук сот «Республика» партиясынын депутаты Үмүткан Тыналиеваны шайлоочулардын добушун сатып алууга күнөөлүү деп таап, 150 миң сомдук айыпка жыкты — бул тууралуу 14-майда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Прокуратура депутатты «пара бергендиги» үчүн да сот жообуна тартууну өтүнгөн, бирок мектеп менен бала бакчанын директорлору түздөн-түз шайлоонун жыйынтыгына таасир эте алышмак эмес деп, сот ал беренени ашыкча деп тапты.
«Алардын аймактык шайлоо комиссияларына эч кандай тиешеси жок болчу, комиссиянын мүчөсү дагы, төрагасы дагы болушкан эмес. Ага ылайык, алар добуш берүүнүн жүрүшүнө такыр эле таасир эте алышмак эмес», — деп жазылган Жогорку соттун таркатмасында.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишкек шаардык кеңешин шайлоо маалында Тыналиева №186 бала бакчанын директоруна 30 миң сом, ал эми №84 орто мектептин башчысына 60 миң сом пара берген.
Бирок тергөө анда берилген акча көп өтпөй эле Тыналиевага кайрадан кайтарылып берилгендигин белгилеген.
Тыналиева баары бир өз күнөөсүн мойнуна алган жок.
Мамлекеттик айыптоочулар менен сот жообуна тартылган Тыналиева да өкүм менен макул болушпай, чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна дат арыз менен кайрылышты.
Азырынча депутаттын ишинин шаардык сотто кайсы күнү каралаары белгилене элек.
«Республикадан» «карусель»
Шайлоочуларды сатып алган делинип «Республика» партиясынын башка мүчөсү Наргиза Ажыбаеваны дагы соттошкон. Ал Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо «карусель» ыкмасын уюштурган деп шектелген. Бирок үстүбүздөгү жылдын 3-майында Ленин райондук соту аны күнөөсү жок деп тапты.
Анын «карусель» ыкмасын колдонууну талкууга алып жаткандыгы тартылган видео интернетте 26-ноябрда — Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өткөн күндүн эртеси пайда болгон.
Ал тасмада Ажыбаевага окшогон кыздын бир эле шайлоочулардын башка-башка тилкелерде мыйзамсыз массалык добуш берүүсүн уюштуруу боюнча көрсөтмөлөрдү берип жаткандыгы тартылган.
Анда «республикачы» тасма видео кесиндилердин негизинде жасалгандыгын билдирген.
Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөн. Анда Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы добуштардын көбүн алып, шаардык кеңештеги 45 орундун 21не ээ болгон. Андан кийинки орундарды «Республика», «Ата-Мекен» жана «Замандаш-Современник» партиялары бөлүшүшкөн.
Автор: Азат Рузиев