Бишкекте укук коргоочуну сабагандардын бири кармалды

IMG_0123-e1367476467315

Милиция 9-май күнү укук коргоочу Улугбек Азимов менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салгандардын бирин кармады. Учурда шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайда камакта.

13-май күнү кечинде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан укук коргоочу Азимовдун үй-бүлөсүнө кол салган деп шектелгендердин бири колго түшүрүлдү – бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Басма сөз катчы кармалган адам Нурлан аттуу Бишкектин тургуну экендигин билдирди, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын фамилиясы айтылбай эле.

Сейитов тергөө азырынча укук коргоочунун үй-бүлөсүнө карата кол салуунун себептерин аныктай электигин айтты.

«Ал [ кармалган адам] кол салууга катышкан, дагы бир нече адам бар, алар колго түшкөндө бардыгы белгилүү болот», — деп түшүндүрдү Сейитов.

Учурда кармалган адам Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайында камакта.

Басма сөз катчы кармалганды таануу жөрөлгөсүэки күндүн ичинде өткөрүлөөрүн кошумчалады.

Кол салуу

Окуя 9-май күнү кечинде, Азимов үй-бүлөсү менен бирге тоодон эс алып келе жатканда Бишкектин борборунда болгон.
Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен БМВ үлгүсүндөгү унаа Азимовдун унаасынын жолун бууп токтогон.

Чырдын эмнеден башталгандыгы так белгисиз, бирок унаадагылар Азимовду, анын бир тууганын жана уулун сабап, жакындарына болушуу үчүн барган жубайын да катуу түртүп жиберишкен.

Бул маалыматты Азимовдун өтүнүчү менен окуя болгон жерге барган анын кесиптеши Азиза Абдирасулова ырастады.

«Мен ал жакка барганда анын катуу сабалганын көрдүм. Ал бир бутуна тура албай, аны жөлөп-таяп, көтөрүп жүрүшкөн», — деп билдирген Абдирасулова Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, кол салган топ алты кишиден турган, бирок азырынча бул маалымат ырастала элек.

Кол салуудан кийин дарыгерлер Азимовдун баш сөөгү чайкалып, буту сынгандыгы аныкташкан. Анын бир тууганы менен уулунун да баш сөөктөрү чайкалган.

Себептери белгисиз

Укук коргоочу кол салуу боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган. Бул боюнча экспертиза жургүзүлдү.

Ошол эле маалда окуянын себептери аныктала элек. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кол салуу Азимовдун ишмердүүлүгүнө, же анын улутуна байланшытуу болгон болушу мүмкүн деп эсептейт — Азимов улуту боюнча этникалык өзбек.

«Мен көбүнчө кол салуу анын укук коргоочулук ишмердүүлугүнө байланыштуу деп эсептөөгө макул болгону турам. Ошондой эле мен муну анын улутуна байланыштырып жатам, анткени ал гана сабалган эмес. Анын уулу, бир тууганы, ал эмес жубайы да жабыркаган», — деп билдирген Абдирасулова Kloop.kgге берген маегинде.

Кыргызстандагы этникалык өзбек болуп эсептелген коомдук ишмерлер кол салууга дуушар болуп жаткандыктарына укук коргоочу «Фридом Хаус» уюму биринчи жолу көңүл бурбай эле.

«Өткөн жылдын декабрында Шохрух Саипов деген өзбек улутундагы укук коргоочунун өзбекче сүйлөгөнүн уккан кыргыз кишилер ага кол салышкан», — деп жазылган уюмдун Азимовго болгон кол салуу боюнча басып чыгарган билдирүүсүндө.

«Дагы деле Кыргызстандын түштүгүндө өзбек улутундагы укук коргоочулар менен журналисттерге басым жасоолор болуп жаткандыгы жөнүндө билдирүүлөр келип түшүүдө», — деп билдирди «Фридом Хаус».

Азимов укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы күрөшү менен белгилүү. Ал учурда үйүндө, маалымат каражаттары менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатат.

Автор: Алексей Ким