Көлбаевдин тууганы ага каршы көрсөтмө берди

IMG_0123-e1367476467315

Биринчи май райондук соту тергөө маалында сурак берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окуп берди — анда Камчы Көлбаевдин туугандарынын бири сот жообуна тартылып жаткан криминал авторитети ишкерлерге карыздарын «кайтарып алып берүүгө»  жардамдашкандыгын билдирген.

Иштин материалдарына ылайык, Көлбаевдин тууганы Дүйшөнбек Жунушев ага авторитет менен тааныштыруу өтүнүчү менен ишкер Галина Ким кайрылгандыгын жазган.

Жунушев болжолдуу тергөөнүн жүрүшүндө Ким Көлбаевдин жардамы менен мурунку депутат Бактыбек Бекбоевден «карыздарын алгысы» келгендигин билдирген.

«Мен Галина менен Көлбаевди жолугуштуруп, четке басып кеткем», — деп жазылган күбөнү суракка алуу протоколунда.

Айыптоочу тараптын версиясына ылайык, Көлбаев ишкердин чек арадагы «Ак-Жол» өтмөгүнөн уурдалышын уюштурган.

Бирок буга чейин Ким криминал авторитетине эч качан кайрылбагандыгын билдирген.

Башка күбө Улугбек Бегишбековдун көрсөтмөсүнө ылайык, Көлбаевдин кишилери ишкер Медер Кожахметовдун күрөшү боюнча Бекбоевди «сабашкан».

Сот күбөлөрдү суракка алууну аяктап, 18 томдон турган кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга өттү.

14-майдагы отурумда судья Абдуразак Боромбаев сегиз тому менен таанышып чыкты. Кийинки угуу 20-майга белгиленди, анын жүрүшүндө Көлбаевдин ишинин видео-материалдарын көрүшөт.

Соттун буга чейинки отурумдарында күбөлөр тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүн авторитеттин пайдасына өзгөртүшкөн.

Алты жабырлануучунун үчөө мыйзамдагы ууруга карата эч кандай дооматтары жоктугун билдиришкен, калган үч жабырлануучунун көрсөтмөлөрү болсо маалымат каражаттары үчүн белгисиз бойдон калды.
Маңзатын сатуу жана адам уурдоо боюнча айыпталып жаткан Колбаевдин өзү болсо ага айтылган күнөөлөрдүн бардыгын тең четке кагып жатат.

Авторитет

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштап, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

2010-жылдагы революциядан кийин Көлбаев кайрадан кармалган, бирок кайра Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Автор: Зарема Султанбекова