Бишкек: Зордуктоого кабылган кызды ооруканадан «мөөнөтүнөн мурда» чыгарып кетишти

Skrin

Дарыгерлер болжолдуу түрдө өз атасы тараптан кыйноого жана зордуктоого кабылган 3 жашар кызды 14-майда ооруканадан чыгарышты.Укук коргоочулар кыздын туугандары аны ооруканадан эрте чыгарып кеткендиктерин айтып, шектенип жатышат.

Болжолдуу түрдө атасы тараптан зордуктоого кабылган кызды туугандары ооруканадан мөөнөтүнөн мурда, эрте чыгарып кеткендигин «Балдардын укуктарын коргоо лигасы» укук коргоо уюмунун башчысы Назгүл Турдубекова ырастады.

Укук коргоочу кыз ооруканада жаткан үч айдын аралыгында айыгып кетиши мүмкүн эмес болчу деп эсептейт.

«Анын бычак менен сайылган 12 жарааты бар болчу.Чоң адамдын мындай жараты бир айдын ичинде айыгат, ал болсо жаңы гана реанимациядан чыккан үч жаштагы кыз да», — деп билдирди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Турдубекова кызды кылмышка шектелип жаткан атасы Үсөн Сакатаевдин камалбашы үчүн жардам берүүгө чыгарып кетишти деп эсептейт.

«Бул мөөнөтүнөн мурда чыгаруу болду, анткени кыздын реанимация бөлүмүнөн чыкканына аз эле болгон. Ал узакка созулган дарыланууга муктаж болчу. Менин божомолумда, бул анын атасынын күнөөсүн кандайдыр бир жол менен жеңилдетүүгө байланыштуу», — деди укук коргоочу.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде жабырланган кыз ооруканадан чыгарылгандыгын ырастады.

«Дарыгерлер чыгарышкан, кандай шартта чыгаргандыктарын — айтышкан жок. Алардан бул боюнча кимдир бирөө сурандыбы жокпу аны да айтышпай эле», — деди Осмонбаев.

Ал кыздын ооруканадан чыгарылышы тергөөнүн жүрүшүнө эч кандай таасирин тийгизбей тургандыгын билдирди. .

Кызды «сатып жиберишти»

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кыздын абалы «жакшы» жана ал пластикалык операцияга гана муктаж.

Бирок Турдубекова мамлекеттик органдагыларды «сатып алган» болуулары мүмкүндүгүнө ишенет.

«Албетте, мен бул жерде коррупциялык фактор өз ишин кылды деп шектенип жатам. Албетте, мамлекеттик органдар кызды жөн гана сатып жиберишти», — деп эсептейт укук коргоочу.

Окуя 25-апрель күнү кечинде, Бишкектин Биринчи май районунун түндүк тарабында жайгашкан «Мурас Ордо» жаңы конушунда болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, анын атасы мас болуп келип, жубайын эмчектеги баласы менен бирге үйдөн кууп жиберип, анда калган үч жаштагы кызын зордуктап 12 жолу бычак сайган. Андан соң ал кызын көтөрүп алып коңшуларына алып барган.

Тергөө иштери аякташы керек болгон 29-июнга чейин шектүү адам Бишкектин №1 тергөө абагында камакта болот.

Эгер кызын зордуктап, ага бычак сайгандыгын далилденсе ал 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Автор: Александра Ли