Бишкектин түндүгүндөгү массалык мушташка адамдарды азгырган кыз кармалды

legkaya

14-май күнү кечинде Бишкектин түндүк бөлүгүндө жөө жүргүнчү жабыр тарткан унаа кырсыгынан кийин башталган мушташка 50дөй киши катышкан. Болжолдуу түрдө мушташка азгырып, анын башталышына себепкер болгон кыз кармалды. Милиция ал чыр улуттар аралык араздашуу мүнөзүнө ээ эмес деп билдирип жатат.

Окуя Жибек-Жолу жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде, «Тойота 4 Раннер» алдында бара жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унааны, ал өз кезегинде жөө жүргүнчүнү барып сүзгөндөн кийин башталган.

«Тойотаны» 24 жаштагы А. Айтахунова, а «Мерседести» 64 жаштагы У. Иргебаев башкарып бара жаткан, деп жазылган шаардык милиция башкармалыгынын сайтында.

Ал жерден өтүп бара жаткан Элиза Смаилова «Мерседес» жөө адамды «Тойотанын» айдоочусунун айынан сүзүп алганын айтып, анда тегеректеп калган адамдарды Айтахунованы кармоого чакырган, деп билдирди ШИИБ.

Андан соң окуя болгон жерге карындашын алып кетүү үчүн Айтахунованын агасы келген, бирок 50-55 адамдан турган топ ага жана «Мерседестин» айдоочусуна кол салышкан.

«Адамдар колуна эмне тийсе, таш, цементтердин сыныктары менен «Мерседес-Бенц» унаасына ыргытып, жанында турган А.Айтахуновага таандык «ТОЙОТА–4 РАННЕР» үлгүсүндөгү унааны оодарып салышты. Анын алдынкы, капталындагы жана артындагы айнектери талкаланып, эшиктери сынып, корпусу бузулган», — деп жазылган сайтта.

Анан адамдар Иргебаев менен Айтахунованы «сабап» башташкан.

Жыйынтыгында, окуя болгон жерден эки айдоочу тең качып кеткен.

Андан соң ал жерге милиция кызматкерлери барып, мушташка катышкандардын бешин кармаган, алардын арасында андагыларды Айтахуновго кол салууга чакырган Смаилова дагы бар болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, экспертиза Смаилованын мас абалында экендигин көрсөткөн.

Ал тапта унаа сүзүп кеткен кыз «жумшак ткандарынын жабыркашы жана буттарынын анча эмес жарат алышы» деген болжолдуу дарт менен Медициналык-консультативдик борборго жеткирилген.

«Улуттар аралык» араздашуу

Бул окуянын маалымат каражаттарында чагылдырылышы коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурду.

Окуя боюнча өзүнүн алгачкы материалында «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Айтахунова этникалык уйгур, ал эми унаа сүзүп кеткен кыз кыргыз болгондуктан, Аламүдүн базарынын жанындагы мушташ улуттар аралык мүнөзгө ээ болгондугун жазган.

«Бишкекте кечинде кыргыздар менен уйгурлардын ортосунда массалык мушташ болду, деп билдирди Кыргызстандын ИИМи «ВБга», — деп жазылган «Вечерний Бишкектин» окуя боюнча алгачкы материалында.

«Вечерний Бишкектин» минтип жазышы материалдын алдындагы пикир калтыруу бурчунда көптөгөн сындарды жаратты.

«Алгач жөн гана алардын уйгур болгондугуна басым жасабастан эле болжолдуу мындай-мындай себептер менен, Кыргыз Республикасынын бейбаш жарандарынын катышуусунда массалык мушташ болду, деп жазса болмок!» — деп жазган окурмандарынын бири.

Ошол эле маалда кыргызстандыктар алардын өлкөсүндө адамдарды чагымчылдыкка берилүүгө  оңой гана тартууга боло тургандыгын айтып, коопсузданып жатышат.

«Мына, лакмус кагазы да калк чагымчылдыкка оңой эле берилип калаарын көрсөттү», — деп жазган дагы бирөө «Вечерний Бишкектин» сайтындагы пикир калтыруу бурчуна.

Башка колдонуучулар болсо бул мушташты олуттуу окуя катары деле кабыл албай койсо болот деп эсептеп жатышат.

«Бул массалык мушташтан улуттар аралык чырды байкоого болбойт, мас болгон топ кишилерден жабыркаган унаа кырсыгынын катышуучуларынын бардыгы тең башка-башка улуттардан: Тойотаны башкарып бара жаткан кыз уйгур, Мерседестин ээси кыргыз. Алар бейбаштардан чогу кутулууга аракеттенишкен», — деп жазган өлкөдөгү популярдуу «Дизель» форумунун burgher деген ат менен катталган колдонуучусу.

Милиция өз кезегинде чыр унаа кырсыгынан улам гана башталгандыгын билдирүүдө.

«Азыркы учурда бул чырда улуттар аралык араздашуунун белгилери байкалбай эле», — деп жазылган ШИИБнин билдирүүсүндө.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Бишкек ШИИБсинин сайтынан алынды