«Фронтлайн»: Укук коргоочу Азимовго кол салуу алдын ала даярдалган

IMG_0123-e1367476467315

Укук коргоочуларды коргоочу «Фронтлайн» эл аралык фонду 9-майда болгон укук коргоочу Улугбек Азимов менен анын үй-бүлөсүнө кол салуу алдын ала пландаштырылып, даярдалгандыгын билдирди. Уюм ал кылмыш ошондой эле этникалык өзбектерди «жек көрүүчүлүктөн» улам жасалган деп да божомолдоп жатат.

«Фронтлайн» өз позициясын кол салуу Азимовдун үйүнөн жүз метр алыстыкта гана болгондугу менен түшүндүрүп жатат.

«Кол салуунун укук коргоочунун үйүнөн 100 метр алыстыкта гана болгондугу, ошондой эле кол салган топтун тез аранын ичинде келип калашы анын алдын ала даярдалгандыгын көрсөтүүдө», — деп жазган «Фронтлайн» өз билдирүсүндө.

Уюмдун белгилөөсүндө кылмыш укук коргоочу менен анын үй-бүлөсү этникалык өзбек болгондуктан да жасалган болушу мүмкүн.

«Кол салуу жек көрүүчүлүктөн улам жасалган кылмыш да болушу толук мүмкүн: Улугбек Азимов менен анын үй-бүлөсү этникалык өзбектер, а кол салгандар кыргыздар болушкан», — деп жазылган «Фронтлайндын» пресс-релизинде.

Укук коргоочулар билдирип жатышкандай, Азимов 2013-жылдын апрелинде Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун координациялык кеңешинин башчысы болуп шайланып, анда анын улутуна байланыштуу сындар айтылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов «Фронтлайндын» кылмыштын жек көрүүчүлүктөн улам жасалгандыгы тууралуу билдирген божомолдорун четке какты.

«Болжолдуу тергөөнүн жүрүшүндө алар айтып жаткандай кылмыштын улутуна карап жасалгандыгы байкалган жок», — деди Сейитов Kloop.kgге берген маегинде.

Кол салгандардын бири кармалган

13-май күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Азимов менен анын үй-бүлөсүнө кол салган деп шектелгендердин бири колго түшүрүлгөн.

Окуя 9-май күнү кечинде, Азимов үй-бүлөсү менен бирге тоодон эс алып келе жатканда Бишкектин борборунда болгон.

Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен БМВ үлгүсүндөгү унаа Азимовдун унаасынын жолун бууп токтогон.

БМВдагы адамдар Азимовду, анын бир тууганын жана уулун сабап, жакындарына болушуу үчүн барган жубайын да катуу түртүп жиберишкен.

Бул маалыматты Азимовдун өтүнүчү менен окуя болгон жерге барган анын кесиптеши Азиза Абдирасулова да ырастаган.

«Мен ал жакка барганда анын катуу сабалганын көрдүм. Ал бир бутуна тура албай, аны жөлөп-таяп, көтөрүп жүрүшкөн», — деп билдирген Абдирасулова Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, кол салган топ алты кишиден турган, бирок азырынча бул маалымат ырастала элек.

Кол салуудан кийин дарыгерлер Азимовдун баш сөөгү чайкалып, буту сынгандыгы аныкташкан. Анын бир тууганы менен уулунун да баш сөөктөрү чайкалган.

Азимов укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы күрөштөрү менен белгилүү. Ал учурда үйүндө, маалымат каражаттары менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатат..

Автор: Зарема Султанбекова