ИИМ кармалган адамдын керектүү көрсөтмө үчүн сабалгандыгын четке кагып жатат

py-tki

Ички иштер министрлиги Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери керектүү көрсөтмө алуу үчүн кармалган адамды «кыйнашкан» деп билдирген акыйкатчынын айткандарын четке кагып жатат. Укук коргоочунун маалыматы боюнча, шектүү адамдын бөйрөгүнө катуу урушкан, анын башы айланып, бели катуу ооруган.

«Көз боемоочулук кылган» деп шектелип жаткан Токтосун Мамыралиев 10-майда кармалган, ал эми аны 13-майда тергөө абагына алып келишкенде ал ооруп жаткандыгын айтып, даттанып баштаган, — бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирип жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча, кармалган адамды эч ким сабаган эмес, качан ал ооруп жаткандыгын айтып даттанганда аны дарыгерлерге көрсөтүшкөн.

«Медициналык текшерүүдөн өткөргөндө анын денесинде эч кандай зыян келтирүүнүн издери табылган эмес», — деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Бирок акыйкатчы Турсунбек Акундун маалыматы боюнча, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Мамыралиев кармалган күнү аны «ырайымсыздык менен сабашкан»

«Ал бир нече саатка созулган. Алар аны кылмыш кылгандыгын мойнуна алдырууга аракет кылышкан», — деп жазылган укук коргоочунун сайтында.

Акыйкатчы аппаратынын маалыматы боюнча, дарыгерлер Мамыралиевди үстүртөн гана карап, анын даттанууларына карабастан денесине эч кандай зыян келтирилген эмес деген маалымкат беришкен.

«Азыр Мамыралиев заара кыла албайт, анткени бөйрөгү бузулган. Анын башы айланып, белинин тегереги ооруп жатат», — деп айтылган билдирүүдө.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Мамыралиев менен анын «шериги» Таалайбек Токомбаевди 10-майда кармашкан. Алар «көз боемоочулук кылышкан» деп шектелип жатышат.

Биринчи май райондук соту аларга баш коргоо чарасы катары тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар 2011-жылы , в 2011 году они под предлогом предоставления земельных участков в жилмассиве «Кара-Жыгач» жаңы конушунан жер берем деп, Кыргызстандын жаранынын ишенимине кирип андан 22 миң АКШ долларын (1 миллион сомдон ашык) алышкан.

Андан кийин шектелип жаткандар жашырынып, ошол бойдон качып жүрүшкөн.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, кийинчерээк, 2013-жылдын апрелинде алар ал кылмышын дагы бир жолу кайталап, анын жыйынтыгында дагы 140 миң АКШ долларына (6,5 миллион сомдон ашык )ээ болушкан.

Автор: Александра Ли