Адамдарды Бишкектеги массалык мушташка «азгырган» кыз эки ай камакта болот

legkaya

Свердлов райондук соту Аламүдүн базарынын жанындагы массалык мушташка адамдарды азгырган деп шектлип жаткан Элиза Смаилованы тергөө аяктаганга чейин камакта калтырды. Милиция дагы бир жолу ал чыр улуттар аралык араздашуу мүнөзүнө ээ болбогондугун билдирди.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Смаилованын ишинин материалдарын сотко өткөрүп берди, сот өз кезегинде аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын №1 тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды.

Мушташтан кийин кармалган калган төрт адамдын иши боюнча кошумча тергөө иштери белгиленди, деди ШИИБнин басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Олжобай Казабаев Kloop.kgге берген маегинде.

«Ал окуяда эч кандай улут аралык чыр болгон эмес, күмөн саноо да жок», — деди ал.

Комментарий алуу үчүн Самаилованын жактоочусу жеткиликсиз болууда.

Окуя Жибек-Жолу жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде, «Тойота 4 Раннер» алдында бара жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унааны, ал өз кезегинде жөө жүргүнчүнү барып сүзгөндөн кийин башталган.

«Тойотаны» 24 жаштагы А. Айтахунова, а «Мерседести» 64 жаштагы У. Иргебаев башкарып бара жаткан, деп жазылган шаардык милиция башкармалыгынын сайтында.

Ал жерден өтүп бара жаткан Элиза Смаилова «Мерседес» жөө адамды «Тойотанын» айдоочусунун айынан сүзүп алганын айтып, анда тегеректеп калган адамдарды Айтахунованы кармоого чакырган.

Андан соң окуя болгон жерге карындашын алып кетүү үчүн Айтахунованын агасы келген, бирок 50-55 адамдан турган топ ага жана «Мерседестин» айдоочусуна кол салышкан.

«Адамдар колуна эмне тийсе, таш, цементтердин сыныктары менен «Мерседес-Бенц» унаасына ыргытып, жанында турган А.Айтахуновага таандык «ТОЙОТА–4 РАННЕР» үлгүсүндөгү унааны оодарып салышты. Анын алдынкы, капталындагы жана артындагы айнектери талкаланып, эшиктери сынып, корпусу бузулган», — деп жазылган сайтта.

«Адамдар колуна эмне тийсе, таш, цементтердин сыныктары менен «Мерседес-Бенц» унаасына ыргытып, жанында турган А.Айтахуновага таандык «ТОЙОТА–4 РАННЕР» үлгүсүндөгү унааны оодарып салышты. Анын алдынкы, капталындагы жана артындагы айнектери талкаланып, эшиктери сынып, корпусу бузулган», — деп жазылган милициянын сайтында.

Анан адамдар Иргебаев менен Айтахунованы «сабап» башташкан.

Жыйынтыгында, окуя болгон жерден эки айдоочу тең качып кеткен.

Андан соң ал жерге милиция кызматкерлери барып, мушташка катышкандардын бешин кармаган, алардын арасында андагыларды Айтахуновго кол салууга чакырган Смаилова дагы бар болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, экспертиза Смаилованын мас абалында болгондугун аныктаган.

Унаа сүзүп кеткен кыз «жумшак ткандарынын жабыркашы жана буттарынын анча эмес жарат алышы» деген болжолдуу дарт менен Медициналык-консультативдик борборго жеткирилген.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы бул окуя боюнча өзүнүн алгачкы материалында Айтахунова этникалык уйгур, ал эми унаа сүзүп кеткен кыз кыргыз болгондуктан, Аламүдүн базарынын жанындагы мушташ улуттар аралык мүнөзгө ээ болгондугун жазган.

Милиция өз кезегинде чыр унаа кырсыгынан улам гана башталгандыгын билдирүүдө.

Казабаев унаа кырсыгына катышкандардын бири-бирине дооматтары жок экендигин белгиледи.

Автор: Зарема Султанбекова