Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-май күнү кечинде кичинекей кызды уурдап барып, андан соң өлтүргөн деп шектелип жаткан Андрей Овсянниковдун баш коргоо чарасы боюнча чечим чыгарат. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта.
Баш коргоо чарасын белгилөө күнү 20-май экенин шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде сот кармалган адамды тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарат деген божомолун билдирди.
«Мындай оор кылмыш кылган учурда судьялар тергөө иш-чаралары аяктай турган эки айлык мөөнөткө камоо чечимин чыгарышат», — деди Осмонбаев.
Окуя 5-май күнү болуп, милиция кызматкерлери шектүү Овсянниковду бир жарым аптадан кийин, 17-майда кармашкан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, каза болгон Лидия Видясованын апасы кызын бала багуучу аял менен калтырып, жумуштары менен кеткен. Бул маалда аларга шектелип жаткан адам келип, тергөөнүн версиясына ылайык, кызды уурдап кеткен.
«Ал [Овсянников] бала багуучу аял менен бирге спирт ичимдиктерин ичкен. Анан шектелип жаткан адам ал аялды алдап, кызды шаар сыртындагы үйүнө алып кетип калган», — деп жазылган ИИМдин сайтында.
Шектүү адам кыз экөөнү милиция издеп жатканын билген соң болжолдуу түрдө Видясованы өлтүрүп салган.
«Кылмышкер аны муунтуп, буту-колун байлап, денесин целлофан пакетке орогон. Андан соң жер төлөөсүнөн чуңкур казып, кызды көмүп салган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Овсянниковго каршы «адам уурдоо» жана «өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Ал 25 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Шектелип жаткан адамдын жактоочусу комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.
ИИМден шектүү адам буга чейин да талап-тоноочулук жана зордуктоо боюнча соттолгондугун билдиришти. Бул кылмыштары үчүн ал мөөнөтүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы жатак абагында өткөрүп, ал жерден 2012-жылы качып кеткен.
Автор: Нурмухаммед Атамбаев