Милиция «мыйзамсыз» күмүш казып саткандыгы үчүн Иштамберды алтын кенин иштетүү менен алектенип жаткан «Фулл Голд Майнинг» компаниясына каршы кылмыш ишин козгоду. Компания жетекчилиги дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып жатат.
«Фулл Голд Майнинг» кытай компаниясынын Иштамберды алтын кенинде күмүш казууга лицензиясы жок болгон — бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсү Бахадыр Абдылаев билдирди.
«Алар алтын казуу үчүн гана лицензияга ээлик кылышкан, бирок мыйзамсыз күмүш казып жатышкан. Бул үчүн алар дагы бир өзүнчө лицензияга ээлик кылуулары керек болчу», — деди Абдылдаев Kloop.kgге берген маегинде.
Ал компания өткөн жылы Кытайга 100 миң долларга (дээрлик 5 млн сом) бааланган 140 килограмм күмүштү «мыйзамсыз» алып чыгып кеткендигин айтты.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат «Фулл Голд Майнингге» каршы «мыйзамсыз ишкерчилик» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Эгер күнөөлөрү аныкталса компания жетекчилиги беш жылга эркинен ажыратылып, же болбосо 420 миң сомдук айып пулга жыгылуусу мүмкүн.
«Фулл Голд Майнинг» компаниясынын вице-президенти Азамат Гулайшев Иштамберди алтын кенинен казылып алынып жаткан күмүштүн мыйзамсыз экендиги тууралуу айтылган маалыматты четке какты.
«Лицензия бир гана элемент үчүн берилбейт, жалпы эле пайдалуу кен байлыктарын казуу үчүн берилет.Бардыгы тең мыйзамдын чегинде болгон», — деп билдирди Гулайшев Kloop.kgге берген маегинде.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Kloop.kgге берген маегинде пайдалуу кен байлыктарды казып, иштетүү үчүн бир гана лицензия берилээрин, жана күмүштү казууга кошумча уруксат алуу талап кылынбагандыгын билдирди.
«Жер казынасын пайдалануучулардын бардыгы тең эле кенди иштетүү үчүн лицензия алганы менен кошумча күмүш казгындыгы үчүн да казылган заттар боюнча салык төлөөгө милдеттүү. А алар болсо бардык бонустар менен салыктарды алтын боюнча гана төлөп келишкен.Мага белгилүү болгондой, күмүш боюнча алар төлөшкөн эмес», - деди басма сөз катчы.
Бирок компаниянын вице-президенти башкача айтып жатат.
«Биз алтын боюнча да, күмүш боюнча да салыктарды жана башка төлөмдөрдүн бардыгын тең төлөйбүз.Бизде бардыгы мыйзамдуу», —деп билдирүүдө Гулайшев.
Автор: Азат Рузиев
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды